Уламышка айланган «улуу» саясатчы Икрамжан Илмянов  шайлоо боюнча тизме түзүүдө “Кыргызстан”, “Республика-Ата-Журт”, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП партияларынан турган Жалал-Абад шаардык кеңеши ынтымакташып иштеше албай, үч жолу коалиция куроо мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай тарады. Шаардын, элдин кызыкчылыгын ойлошпой, жеке мүдөөлөрүн көздөгөн партиялар эми кийинки шайлоого даярдык көрө башташты. Ырктары келише албай тараган шаардык кеңештеги жагдай кайрадан кайталанбаш үчүн, айтылуу Икрам Илмиянов Жалал-Абад шаарынын кеңешине өтүүчү шайлоону өзү жеке көзөмөлүнө алуу максатын көздөп, КСДП менен “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тизмесин өзү түзүп, жеринде иштеп жатканы кеп болууда. Учурда Жалал-Абаддагы курортто жатып алып, баарын калчап жаткан кербези экен.

Натыйжада Камчыбек Ташиев баш болгон Жалал-Абаддын бир топ тың чыкмалары Икрамдын алдында бийге түшүп, “хоп таксыр” дешип чимирик атып жатышканы узун сабак болуп айтылууда. Буга дейре Бишкек шаардык кеңешине өткөн “Мекеним Кыргызстан” партиясын Икрам түзгөнү тууралуу кептер айтылган. Демек чын экен. Эми Икрам мырза КСДПнын аткошчусу кылып “Мекеним Кыргызстанды” Жалал-Абад шаардык кеңешине киргизип, шаарды өз көзөмөлүнө алууну кыялданып жаткандай…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here