Аты ааламды дүңгүрөткөн бай шаарлар, алардын көз жоосун алган көркү кимди болбосун кызыктырбай койбойт. Кээ бир белгилүү шаарлар дүйнөлүк аренада алдыга озуп, сыягы башкалардан айырмаланып келет. Анда ошол өзгөчө шаарлар тууралуу кеп козгоп көрөлү.

 Эң кымбат шаарлардын катарын Лондон толуктайт…

Жакында эле «Лондон — 2012» олимпиадасы өттү. Учурда Лондон дүйнөдөгү эң бай жана кымбат шаарлардын катарын толуктап келет. Башкасын айтпай туруп, орто эсеп менен бир адамдын кечки тамагы 415 еврону түзөөрүн белгилеп коёлу. Албетте, таң калууга болот. «Атайын эс алууга келдим» деген туристтер үчүн бул сумма акча деле эместир. Алар эмес, биздин чиновниктердин арасында да олимпиадалык оюнду көрүүгө же 2-3 күндүк эс алуусун атайын Лондондон өткөрүп келүүгө баргандар жок эмес. Шаардын калкы 7,8 млн. киши, ал эми бюджети 20,6 млрд. доллар экен.Ушул жагынан Европадагы алдыңкы бай жана кымбат шаарлардын катарын толуктаары ырас.

Москва төртүнчү орунда калды…

2012-жылдагы статистикалык изилдөөлөргө караганда дүйнөдөгү эң кымбат жана бай шаарлардан Швейцариянын Цюрих шаары алдыга чыкты. Күндөлүк турмуштагы шарттары, базар экономикасы, сатыктагы товарлары жагынан Нью-Йорктон 70%га кымбат.

Демек, Цюрих шаарында мындай баага татыган эмгек акысы бар, ошондой эле бай ишкерлер жашашат.

Буга салыштырмалуу «акчаны сүйгөн» Москва бул таймашта алдыңкы орундарга жол бошотту. 12 млн. калкы бар Москва шаарынын бюджети 50,8 млрд. долларды түзөрү аныкталды.

Африкадагы бай шаар…

2011-жылы Анголанын борбору Луанда экинчи жолу «Дүйнөдөгү эң кымбат шаар» деген статусту алган. Эки жолу мындай статуска татыктуу болушу жөн жерден эмес. BBСнин маалыматтарында Луанда шаарында бир бөлмөлүү үйдүн ижарасы (бир айга) 5-7 миң доллар. Ал эми күнүмдүк колдонуп келген азык-түлүктүн баасы абдан жогору.

Луанда шаарынын негизги байлыгы нефти менен алмаз. Экономика жагынан өтө жетишкен бул шаардын жашоочулары үчүн мындай сумма оордук жаратпайт.

Албетте, мамлекетинин бюджети жогору болуп турса жашоочуларына да ыңгайлуу шарт түзүлөөрү турган иш.

Токио бай шаарлардын катарында…

Токио — Япониянын борбор шаары. Өнөр жайынын негизин автоунаа чыгаруучу, темир жана жыгач иштетүүчү ишканалар менен бирге электротехниканы өндүрүү түзөт. Чындыгында Токио бай шаарлардын алдында турат. Өнөр жайында чыгарылган техникалык буюмдары бир гана Япония эмес, бүт дүйнө жүзүнө таркап жатат. Ушул эле учурда кымбатчылык да өкүм сүрөт.

Мисал катары айта кетсек: 400-450 долларды бир эле адам кечки тамактануусу үчүн жумшайт.

Көчөдө сатылып жаткан 1 стакан суу 5 доллар болгондон кийин, башкасын айтпасак да түшүнүктүү. «Mercer Human Resource Consulting»компаниясынын 2009-жылдагы берген маалыматында Токио «эң кымбат шаар» деп аталган.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here