Окуу жайлардын флагманы аталган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп эки жылдан бери иштеп келаткан  Чынара Адамкулова башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы маалым болду. Адамкулова коррупцияга белчесинен эмес, кокусунан батып, жедеп аброюу кетип бүткөн окуу жайдын аброюн көтөрө алган жок. Коррупция азайбады. Анын жетекчилигинин тушунда деле ызы-чуу, чатак иштер көп болду.

Былтыр окуу жайдын айрым окутуучулары анын ишмердигине байланыштуу нааразылыктарын айтып чыгышкан. Өткөн жылы улуттук университеттин жетекчилиги окуу акысынан түшкөн 10 миллион сомго чукул акчаны айлантып, каржылык мыйзам бузганы аныкталганАнча-мынча реформа жүргүзүмүш эткени менен, анын жыйынтыктары натыйжа бербеди. Андан мурунку ректору Исмидинов болсо далай ишти былгытканы менен эч кандай жоопко тартылбай кутулуп кетти. Адамкулованын деле ишин тыкыр иликтесе, көп нерсе калкып чыгат. Эми эң кызыгы аталган окуу жайга убактылуу ректор кылып, (шайлоо өткөнчө) мурунку Билим берүү министри болгон, эт менен челдин ортосундагы Канат Садыковду алып келиптир. Негизи эл ал 3-4 жыл бою министр болуп, жакшы ишин көрсөтө албай, коомчулук тарабынан катуу сындарга кабылып жүрүп, акыры  кызматтан кеткенде абдан сүйүндү эле, эми башка камчыга саптуусун таппай, карайлап кайра мындай жооптуу кызматка коюп жатканына көпчүлүк сүйүнбөйт, тескерисинче сөгөт. Деги эле ушул окуу жай уруу-кески, ортозар, жеке кызыкчылыктарды көздөгөн ректорлордон арылбай койду. Өкмөт деле, бийлик деле ошондой жетекчилерди жетелеп барып ректор кылганга кызыкдар окшобойбу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here