Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева жана анын тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүштү

Анда, жактоочу Шарабидин Токтосунов эртең, 6-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаардык соту Жапаровдун баш коргоо чарасын карай турганын билдирди. «Аны күбө катары чакырып туруп, кармап кетти. Ишти УКМК тергеп жаткандан кийин УКМКда кармалыш керек эле. Бирок аны 1-СИЗОго камашты. Сот Жапаровду үй камагына чыгарыш керек, ал эч жакка качпайт», — деди Токтосунов.

Мындан тышкары Токтосунов №47-колонияга Жапаровго киргенде анын кандай абалда болгонун айтып берди. «Биз киргенде ал титиреп турду. Ошол жактагы оорукананын башчысы кан көп кеткенин билдирди. Жапаровдон «эмне болду?» деп сурасак, ал: «Мен үчүн балдар кыйналып жатышат. Менин өлүп калганым жакшы», — деп жооп берди» — деп айтты. Жапаровду үй камагына чыгарат жана чыгарбай деген пикирлер айтылууда. Бирок бийлик азырычна Садырды үй камагына чыгара койбойт го.

Ал эми Жапаровдун адвокаты  Медетова,  кечээ №47-колонияга кирип чыкканын жана Жапаровдун ден соолугу канааттандырарлык экендигин  кошумчалады.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here