Калифорния университетинин химиктери, кол телефондордун экрандарына өзү калыбына келүүчү жабдыктарды ойлоп тапты. Жаңы табылганы телефонуңуздун бетине чаптатып алсаңыз, экраныңыз чийилип, сынып же сүрүлүп калса өзүнөн — өзү жаңы сатылып алынгандай калыбына келип турат.

Белгиленгендей, бул өтө ийилчек материал — чоюлчак полимер менен ион түзүнөн жасалып, аны 50 өлчөмгө чейин чоюуга болот. Ойлоп табуучулар, жаңы табылганы- заряддалган иондор менен полярдык молекулалардын  өз ара аракеттенүүсүнөн алган. Экрандын бетинен жарака кетсе же чийилсе, иондор менен молекулалар магнит сыяктуу  бири-бирине тартылышып, боштукту толтуруп турушат. Аталган акылдуу «экрандар» 2020-жылдары смартфондордун экранында сатыкка чыгат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here