Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук гостипталдын жетекчилигине, Кылмыш кодексинин 171 — (берилген мүлктү өзүм билемдик менен коротуу), 304 -(кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166 (алдамчылык) — беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын 5-апрелдеги берген маалыматына таянсак, Башкы көзөмөлдөөчү орган УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын госпиталдагы коррупция боюнча берген материалдарын текшерип көрүшкөн. Текшерүүдө, аталган оорукананын жетекчилиги буга чейин госпиталда эч иштебеген жана жумуштан бошотулган кызматкерлердин банктык эсептерине айлык-маяна  катары акча которуу жолу менен акча жеп келишкендиги далилденген.

Болжол менен кымырылган акча 883 миң, 746 сомду түзгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here