4- апрелде, мусулмандар курултайынын алтынчы айлампасында Кыргызстандын жаңы муфтийин бекитишти.

Эске салсак, 3 — апрелде Уламалар кеңеши бир ооздон муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин талапкерлигин тандашкан. Буга чейин, муфтийликке Чубак ажы Жалилов менен Ош облусунун мурунку казысы Ниязалы Жалилов шайлоодан өз талапкерлигин алып салышкан эле. Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп кайрадан Абдышүкүр Нарматов шайланды. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү Чубак Жалилов кабарлады.

Ошондой эле, Чубак Жалилов анын президенттикке талапкерлигин коөру тууралуу божомолдор айтылып жатканына: «Кыргыз жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн, бирок бул «коюп жатам» дегенди билдирбейт» деп жооп берген.

Муфтийликке талапкерлигин коюп, кайра алып салган Ниязалы Арипов ага эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн айтты. Эгер чындап эле Чубак ажы Преизденттике талапкерлигин коюп калса, анда – бул чоң жаңылык болот. Чынында ажынын колдоочулары арбын. Бирок дин аалымы өлкөгө Преиздент болсо биринчи кезекте ыймандыуулукту күчөтөрүнө ишеним чоң болмок. Кыязы, бул маселени Чубак ажы чубап-чубап ойлонуп жатса керек, анан өз чечимин айтаар…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here