Улуу Ата Мекендик согушта Россиянын Ржев шаарынын алдындагы салгылашта курман болгон 50 кыргыз жоокеринин аты-жөнү такталгандыгын Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Жоокерлердин жакындарын табуу максатында Түп районуна «Баатырлардын урпактары» аттуу демилгелүү топтун жетекчиси Талантбек Масадыков жана россиялык издөө тобунун башчысы отставкадагы полковник Юрий Караджиев барышкан. Алар жергиликтүү элге 50 кыргыз жоокеринин тизмесинин көрсөтүшкөн.

Тюп районунун эки тургуну — Мукамбет Тилембаев 1902 -жылы туулган жана Казы Кожомкулов 1902 — жылы туулган согушта курман болгон. К.Кожомкуловдун балдары Бишкекте жашагандыктан борборго маалымат жөнөтүлгөн.

Алардын айтымында, демилгечи топ иликтөө иштерин уланта бермекчи жана Москвага жакын  Ржев шаарындагы «Тынчтык» паркында кыргызстандык жоокерлердин эстелиги тургузулмакчы.

  1. Батаканов Узенкыяз, 1912 — 11.11.1943, Тянь-Шань облусу, Тогуз-Торо району, к-з «Кайнды»;
  2. Калыгулов Насыр , 1921 — 25.11.1942, Тянь-Шань облусу, Жумгал району;
  3. Кейдегасыев Жумакадыр, 1905 — 26.11.1942, Тянь-Шань облусу, Кочкор району;
  4. Кыштыбаев Мойдин, 1911-…, Тянь-Шань облусу, Жумгал району;
  5. Ажилбаев Абразаак, 1904 — 01.02.1943, Тянь-Шаньская область, Жумгальский район;
  6. Каныев Кадыр, 1908 — 31.01.1943, Тянь-Шаньская область, Тогуз-Тороузский район;
  7. Алеев (Алыев либо Алиев) Телевай (Толобай), 1920 — 25.11.1942, Фрунзе облусу, Киров район;
  8. Карякин Николай Кириллович, 1915 — 08.04.1942, Фрунзе облусу, Кант район, Ивановка;
  9. Дубенцев Иван Егорович, 1905 — 08.04.1942, Фрунзе облусу, Калинин району;
  10. Тайгубеков (возможно, Тойчубеков) Мататай, 1909 — 08.04.1942, Фрунзе облусу, Кант району;
  11. Радченко Александр Трофимович, 1919 — 05.04.1942, Фрунзенская область, Калининский район;
  12. Власов Николай Иванович, 1917 — 13.04.1942, Фрунзе облусу, Ворошилов району,Кызыл-Аске а.;
  13. Чекибаев Иман, …-03.02.1943, Фрунзе облусу, Чуй району, Акбешим а.;
  14. Данияров Сыгинал, 1904 — 07.12.1942, Фрунзе облусу, Сталин району, Кирово а.;
  15. Кучербаев Бектурган, 1902 — 28.11.1942, Фрунзенская облусу, Кант району, с/с Тусуй, к/з.Молотов ;
  16. Епифанов Иосиф Дмитриевич, 1902 — 27.11.1942, Фрунзе облусу, Кант район;
  17. Сартоков Василий Сидорович, 1904 — 25.11.1942, Фрунзе облусу, Фрунзе ш. ул.Джамбула 49;
  18. Каримов Майрамкул, 1895 — 25.11.1942, Фрунзе облусу, Калинин район;
  19. Бобров Михаил Петрович, 1916 — 25.11.1942, Фрунзе облусу, Калицкий району, Ново-Покровка а;
  20. Кравцов Демид Степанович, 1904 — 29.08.1942, Фрунзе облусу, Сталинск район, Садовое а.;
  21. Литовченко Алексей Федорович, 1909 — 05.04.1942, Фрунзе облусу, Ворошилов району;
  22. Ушников Михаил Гаврилович, 1909 — 06.04.1942, Фрунзенская область, Калининский район; Ставропольский с/с;
  23. Христич Николай Васильевич, 1907 — 04.12.1942, Фрунзе облусу, г.Фрунзе, Кирова к. 116;
  24. Гусев Григорий Яковлевич, 1910-05 — 25.04.1942, Фрунзе обл., Калинин району; Пузовский с/с;
  25. Ариков Кукумбай, 1897 — 25.11.1942, Иссык-Кульская область, Балыкчы району; Агалей а.;
  26. Мамбеткази Тушибат, 1923- 14.12.1942, Ыссык-Кул облусу, Жети-Огуз район; Лынсит а.;
  27. Кудайбергенов Кадыр, 1917 — 06.12.1942, Иссык-Кульская область, Жети-Огузй район; Актерек а.
  28. Бакуменко Георгий Сергеевич, 1912 — 31.08.1942, Ыссык-Көл облусу; Пржевальск району;
  29. Кроль Владимир Евст., 1921 — 03.12.1942, Иссык-Куль обл., Пржевальск район; Соколовка а.;
  30. Тилембаев Мукамбетов, 1902 — 26.11.1942, Иссык-Кульская облусу, Тюп район;
  31. Жисналиев ( Жееналиев) Жакшибай (Жакшыбай), 1914 — 11.01.1943, Ошская облусу, Чон-Алай району, к/з Кызыл Майран ( Кызыл Майрам);
  32. Абдрасимов Надыр, 1910 — 25.11.1942, Баткен району, Суваңев с/с;
  33. Аманов Тулен, 1912 — 27.11.1942, Баткен району, Баткен с/с;
  34. Барыбаев Азенбай, 1922 — 30.11.1942, Баткен району;
  35. Кульмамбетов Айтпай, 1906 — 15.02.1943, Ошская область, Гульчинский район, Будалякский с/с;
  36. Садыков Газбек, 1916 — 04.12.1942, Ош облусу, Молотов район;
  37. Телекуп Абдурасул, 1912 — 28.01.1943, Ош облусу, Араван району, к/з Кызыл Пахта;
  38. Осмоналиев Тимерзан, 1912 — 30.01.1943, Ош облусу, Өзгөн району, Кзылтом;
  39. Анашкин Иван Георгиевич, 1903 — 25.11.1942, Иркутск облусу, Черемхов район;
  40. Кутуев Матутобек, 1914 — 28.11.1942, Ошская облусу, Өзгөн району;
  41. Чакыев Джумашей, 1907 — 01.02.1943, Жалал-Абадская облусу, Токтогул району, к/з «Агроном»;
  42. Шавданов Лайло (мүмкүн, Шабданов Шайлоо), 1921 — 05.12.1942, Жалал-Абад облусу, Алабука району, Аккурган;
  43. Егембердиев Амурзах (мүмкүн, Эгембердиев Омурзак), 1907 — 15.12.1941, Жалал- Абадская облусу, Сузак району, Каскынчы айылы.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here