3-апрелде Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурду делген Акбаржон Жалилов «Кыргыз Республикасынын жараны» деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, А. Жалилов 1995-жылы 1-апрелде Ош шаарында туулган, улуту өзбек, толук эмес орто билими бар. «Акбаржон Жалилов эч качан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алган эмес. Ал 2011-жылы 16 жашка толгондо, өзү жазган арыздын жана Орусиянын жараны болгон атасынын өтүнүчүнүн негизинде Орусиянын жаранынын паспортун алган. Ошондон бери Жалилов Орусиянын аймагында жашаган», — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары,  Жалиловдун ата-энеси Ош шаарынан Санкт-Петербургга 5-апрелге караган түнү учуп кетишкен. Алар метродогу жардырууга байланыштуу Орусиянын тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан суракка алынышат.

Кыргыз тарап деле, казактардай алгач тактап алып туруп биздин жаран болгон деп маалымат берсе туура болмок. Себеби, Оруссияда жүргөн жарандарга мунун кесепети тийиши толук мүмкүн. Түштөн кийин ТИМ үн катканы бир аз кечигип калгандай болду, маалымат тарап кеткенде.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here