Кечээ, 4-апрелде Ак үйдүн расмий сайтында Американын биринчи айымы Мелания Трамптын алгачкы сүрөтү жарыяланды.

Сүрөт жарыяланаар менен, буга чейин да  Трамптын үй бүлөөсүн кескин сынга алып келген америкалыктар биринчи лединин расмий сүрөтүн Мишель Обаманын 2009-жылы жарыяланган  расмий сүрөтү менен салыштырып талкуу жаратышкан.

Талкууда, Мелания айымдын 15 караттык бириллиант шакеги көпчүлүктүн көңүл борборунда болуп, президенттин жубайын эл алдында жөнөкөй болууга чакырышкан. Ал 1,5 млн. долларлык шакекти Дональд Трамп жубайына бир нече жыл мурун белек кылган. Ал эми, мода чөйрөйсүндөгүлөр мурунку фотомодель, азыркы биринчи  леди  Мелания Трамптын сүрөттө кийип турган жакшынакай көйнөк , костюмунун дизайнеринин жана фотографтын аты-жөнүн тактоого кызыкдар болууда.

Булак: Чагылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here