Коомчулукта “Садыр досунун абалы боюнча үн катпай койду» деп талкууга алынып жаткан Камчыбек Ташиев интернет колдонуучулардын бирисинин “Фейсбук” аркылуу узаткан суроосуна мындай табалаган жооп кайтаргандыгы белгилүү болду. Ал:  “Биринчиден мен депутат эмесмин, экинчиден Садыр андай менин сөзүмө муктаж эмес, себеби бизди адам катары көрүп бир ооз башка бирөөдөн да айттырып койгон жок. Ойлонулбай жасалган иш, өз башына муш деген ушул. Садырдын жеңил ойлуугунан канча жолу жабыркадык, эми силер да түшүнөсүңөр,-деп жооп кайтарган.

Кыязы, Камчыбек Ташиев жеңил ойлуулук кылып забордон секирип, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовду каматып ийгенин, муштумун көтөрүп чуркайм деп Алтынбек Сулаймановдон тумшукка жегенин унутуп калса керек. Адамкерчилиги бийик деп жүргөн Камчы Ташиевдин мындай таба кылып жооп бергени, анын адамдык сапаттан кеткенинин белгиси катары түшүндүк. Бул тууралуу “Тикенек” жазып чыкты

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here