Кайсы гана тарабыңызды карабаңыз телефон чукулаган адамдарды көрүүгө болот. Заманбап, акылдуу чөнтөк телефондордун пайдасы – мурдагы кездеги ойготкуч, фотоаппарат, радио, телевизор, чөнтөк блокноту, кагаз-калем, календарь, деги койчу, жүздөгөн буюмдарды бир эле кичинекей кутучага камтыган универсалдуу телефондор чыгып, жаш-кары дебей телефон чукумай оорусу менен ооруп турган заман. Наристелер төрөлө калып эле интернетке кире тургандай деңгээлге жетип калгандайбыз. Дал ушундай телефондун мен-мен болуп турган заманында “Фейсбук”, “Инстаграм”, “Одноклассники” өңдүү  социалдык тармактар аркылуу бизнес кылгандардын саны арбын. Азыр мурдагыдай кийим алыш үчүн базар кыдыруунун ордуна бул тармактар аркылуу кийим тандап, дары-дармек, оокат-кече, айтор баарын интернет аркылуу заказ кылууга болот. Эмесе “Инстаграм жылдыздары” жана  “Инстаграм” аркылуу кантип акча табуу керектиги жөнүндө баяндайбыз.

  1. Кантип “подписчиктерди” топтоо керек?

Бул суроо ар бир “инстаграм” колдонуучусун ойлондурган маселе. Кантип баракчага жазылган адамдардын санын көбөйтүү керек? Моделдердей сапаттуу сүрөткө түшүү керекпи? Кандайдыр бир нерсени жарнамалоо керек болбосун? Мындай суроолор менен баш оору болуп жатсаңыз, анда кеңешке кулак салыңыз. Кандайдыр бир нерсени жарнамалайм десеңиз, жазылуусу көп колдонуучуларга каттала баштаңыз жана аларга тынымсыз комментарий калтырып туруңуз. Комментарийдин аягында сөзсүз өзүңүз жарнамалап жаткан товарды кошо кетиңиз.

  1. Кантип акча тапса болот?

Сиз жарыялап жаткан товарыңызды жарнамалоо жолу менен тезирээк сатасыз, көп кардар табасыз жана  “подписчиктериңиз” миллиондон ашып кетсе, башкалардын да товарларын жарнамалап акча тапсаңыз болот. Маселен моделдер кайсы бир фирманын косметикасын же кийим-кечелерин жарыялап акча алышат.

  1. Баракчаңыз ийгиликтүү болсо, кимдир бирөөгө сатууга да болот

Жазылуучу адамдарыңыз көп болуп, баракчаңызга эмне жарыяласаңыз 20-30 миллион “жакты” (лайк) алып турган болсо, сиздин баракчаны ири суммадагы акчага сатып алуучулар четтен чыгат. Сөзүбүз куру болбосу үчүн эң көп “подписчиги” бар дүйнөлүк жылдыздар жана Ата мекендик жылдыздардын айрымдарынан мисал келтирели…

Анжелина Джоли

Аккаунт: @angelinajolieofficial

Бүткүл дүйнөнү сулуулугу менен дүңгүрөткөн Голливуд жылдызы, америкалык актриса, режиссёр и сценарист, фотомодель

Подписчиктеринин саны:  4178156

Ал кийген кийими, колдонгон косметикасы, ичкен-жеген тамактары, айтор бардыгын реклама кылат жана өзүнүн жеке сүрөттөрү менен бөлүшөт.

 Бейонсе

Аккаунт: @beyonce

Америкалык   R’n’B,стилиндеги ырчы. 

Музыкалык продюсер, актриса

Подписчиктеринин саны:  72443231

 

Джессика Альба

Аккаунт: @jessicaalba

Америкалык белгилүү актриса

Подписчиктеринин саны:  7961483

Ксения Бородина

 

Орусиялык “ДОМ-2” теледолбоорунун алып баруучусу

Подписчиктеринин саны:  4 миллиондон ашат.

Настя Самбурская

Орусиялык актриса, “Универ” кинотасмасы аркылуу

популярдуулукка жеткен.                                                                                        

Подписчиктеринин саны:  5 миллиондон ашат.

 

 Элдана Сатыбалдиева

Кыргызстандагы эң популярдуу “Инстаграм жылдызы”

Ал өзү тарткан, өзүнүн аткаруусундагы кыска-кыска күлкүлүү роликтери аркылуу жаштар арасында

өтө популярдуулукка жеткен.

Подписчиктеринин саны:  5 44 миңден ашат.

Анжелика Бекболиева

Ырчы, “Бактылуу айым” теледолбоорунун негиздөөчүсү

Подписчиктеринин саны:  492 миңди түзөт.

Даярдаган Нуркыз Рыскул кызы

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here