Дүйнөлүк актёр Жеки Чандын никесиз төрөлгөн кызы, 18 жаштагы Этта Нг Тайландда достору менен эс алуудан  кийин өз өмүрүнө кол салган делип ооруканага жеткирилгени маалым болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 4-апрелде жазып чыгышты. Этта акыркы мезгилде депрессиядан жабыркап жүргөн.

«Мисс Азия-1990» сынагынын жеӊүүчүсү Элейн Нг менен Жеки Чандын сүйүү романы кыска гана болгон. Белгилүү актёр бир нече ирет маектеринде ал мамилени жашоосундагы эӊ чоӊ катасы болгонун баса белгилеп айтып келет. Ал сулуу бийкечтен төрөлгөн кызын да актёр кабыл алган эмес. Ал кыз да атасына ушундай эле жооп кылган. Ал эс тарытп калганда  Чанды белгилүү адам деп эсептээрин, ага эч кандай сезими жок экенин билдирген. Ал кыз: «Ооба, ал менин атам болушу мүмкүн, бирок андан башка эч нерсе жок. Ал менин жашоомдо жок, болгон эмес, болбойт дагы. Жеки Чан мен үчүн болгону атактуу актёр», — деп айтып келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here