Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен болгон жолугушууда 2003-жылы Түркиянын Измир шаарындагы фирмасын түрк ишкерине 45 миллиард түрк лирине ( ошол кездеги доллардын курсу менен 35 миллион доллар) саткандыгы боюнча акциянын пакетин берди. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди. Түркиянын 2003-жылдын 31-январындагы маалыматтык бюллетенинде жарыялангандыгы такталууда.

«Берилген материалдар, Өмүрбек  Текебаевдин Атамбаевдин үй -бүлөөлүк байлыгы 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген билдирүүсү жөн гана жалаа жабуу экендигин документ далилдеп берет. Бирок, эмнеге өз киреше булактарын жалгыз гана Атамбаев  көрсөтүшү керек? Текебаев, анын кээ бир партиялаштары жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бардыгы 2010-жылдын 7-апрелинен кийин пайда болгон өздөрүнө жана туугандарына катталган миллиондогон байлыктарынын булактарын ачык көрсөтүшү керек.  Муну эл дагы , 7-апрелде каза болгон балдардын ата-энелери да талап кылууда. Башкы прокуратура Кылмыш кодексиндеги мыйзамсыз байлык топтоо туурасындагы беренелерди эсине түшүрүшү керек», — деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here