Албетте, жалгыз ат күлүк болот… Кечээ  Кыргызстандын муфтийи болуп кайрадан Максат ажы Токтомушев шайланды. Ага курултайга катышкан 220 ( мүчө) адам түгөл добуш берген. Албетте, ушундай болоору күтүлүп эле турган. Анткени, “жалгыз ат күлүк болот” деген сөз бар эмеспи. Токтомушевге тосколдук жарата турган башка талапкерлер жок болсо, жеңиш өзүнүкү да. Буга чейин Чубак ажы менен Ниязалы Арипов өздөрү талапкер болуудан баш тартышкан болчу. Максат ажы жаман деле иштеп жаткан жок. Мурунку муфтий Чубак ажынын баштап кеткен жакшы иштерин улантууда. Ошентсе да, аны жалгыз талапкер кылбай, бирөө-жарым альтернатива болуп чыкса болмок. Чубак ажы, талапкер болсо такка жетет беле, ким билет. Бирок дагы бир талапкер Ариповдун алып салганы чатак болду. Же ал добушту бөлбөйүн дедиби, же такыр добуш албай уят болуп калбайын деп ойлоду бекен. Балким, Максат ажы менен сүйлөшкөн чыгаар. Эмнеси болсо да 44 жаштагы муфтий Максат адынын иштерине ийгилик каалайбыз.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here