Азамат, айтсаң, футболду канча жашыңдан тартып ойноп баштадың эле?

—  Бутум баскандан баштап эле топко жакын болуптурмун. Ата-энеме көптөр бул балаңар футболчу болот го дешчү экен. Мектепке киргенден тарта, 3-4-классымдан баштап футбол ойноп баштагам. Бош убактым боло калса эле мектептин стадионунда балдар менен топ ойночумун. Мектепти аяктаганча футболдон алыстаган жокмун. Ошентип жүрүп “Дордой” футбол курама командасына  кирип футболчу болгом

 -Эң алгачкы ийгилигиң эсиңдеби?

— Эсимде,  эң  алгач Кыргызстандын чемпиону болгом. Ошол менин алгачкы ийгилигим болгон десем жаңылышпайм. Ал учур 2008-жыл болчу.  «Дордой» курама командабыз менен  «Алтын оюн” деген аталыштагы оюнда  «Абдыш-Ата» курама командасын 1:0 эсебинде утуп, алтын медаль  алганбыз. Эсте калган оюндар көп болду. Баарынан да эсимде бек сакталып калган оюн бул  Швейцарияда өткөн УЕФА чемпиондор лигасында «Цюрих» футбол клубу менен беттешкенбиз. Тилекке каршы 2:1 эсебинде утулуп калганбыз, бирок ал Кыргызстан үчүн тарыхта кала турган оюн болгон.

 -Дарбазага кирген маанилүү гол дагы футболчунун эсинен кетпейт эмеспи…

— Эң маанилүүсү былтыркы  Австралия курама командасынын дарбазасына киргизген голубуз болду. 20 миң күйөрмандын алдында, оюндун акыркы мүнөттөрүндөгү командалык голубуз Кыргызстанда футболдун келечеги бар экенин билдирген. Бирок тилекке каршы 2:1 эсебинде жеңишти Австралияга алдырып жиберген элек.

 -Ар бир футболчунун футбол талаасында өзүнүн жеке позициялары болот эмеспи, сенин позицияң кандай?

-Биздин курама командада негизинен дарбазачы жана төрт коргоочу ойнойт.  Оң жакта, сол жакта жана экөө ортодо, ошолордун бирөөсү менин позициям десем болот.  Андан кийин беш жарым коргоочулар. Алар дайыма алмашып турушат. Алдыда жалгыз чабуулчу. Ага жарым коргоочулар жардам беришет.

 -Ийгиликти эске салчу диплом, медалдарыңды кантип сактайсың? 

— Ата-энем Ош шаарында жашайт. Ошол ата-энем жашаган, менин балалыгым өткөн үйүбүздө  өзүмдүн атайын футболдук  стендим бар,  ошого сактайм. Анда кубок, медалдарым, диплом, чет мамлекеттен алып келген сувенирлер, ар кандай буюмдар бар. Арасына гезит, журналдарга берген маектеримди да кошуп коём. Мен жөнүндө эмне маалымат чыкса, чыккан маалымат апамдын колуна тийсе, аны апам жоготпой дароо стендге салат.  Өзүм болсо азыркы учурда Бишкекте жашайм.

 -Дүйнөлүк атагы таш жарган футболчулардан кимдерге таасирленесиң?

-Дэвид Бекхэмге таасирленем. Ал бир эле футболчу эмес, мыкты ата. Жубайына камкор күйөө. Ошон үчүн да өтө сыйлайм.

 -Футболдук карьераң аяктагандан кийин эмне кылам деп өзүңө суроо берген учурлар болобу?

-Кудай ден соолук берсе, күч-кубат берсе, футболду ойношумча ойногонго аракет жасайм. Оюн талаасынан кеткенден кийин деле футболду таштабай, машыктыруучу катары иш алып барсам деген тилегим зор. Эми баарын убакыт көргөзөт да. Кыргызстанда футбол өнүксө, Азия чемпионаттыгына жетишсек, андан ары дүйнөлүк футболчулар менен топ талашсак деген жакшы ойлорубуз бар. Футболчулар билсеңер кыялкеч келебиз. Оптимист болобуз. Антпесек жеңиш кыйын да. Ойлорубуз, максаттарыбыз көп. Аман болсок, өлкөбүздө тынччылык болсо, мамлекетибиз өнүгүп турса ийгиликтер алдыда деп ойлойм.

 -Башка өлкөдөн көп акча сунуштап, чакыруу болсо Кыргызстанды таштап, баса бербейсиңби?

-Жок, Кудай сактасын. Кеп акчада эмес, кеп намыста. Кыргызстандын желегин  алыска желбиретип, Кыргызстандын футболчулары дегенден артык эмне бар. Акча бүгүн бар, эртең жок. Ошондуктан эч кандай Кыргызстанды таштап кетейин деген оюм жок.

Маектешкен Мирлан Алымбаев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here