2016-жылы балдарга карата 842 кылмыш катталган. Бул тууралуу, бүгүн, Жогорку кещештин кезектеги отурумунда Башкы прокуратуранын отчётун карап жатып белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, балдарды өлтүрүү — 9, зордуктоо — 44, 16 жашка чыга электер менен жыныстык катнашка баруу — 26, жыныстык мүнөздө зордук-зомбулук көрсөтүү — 17, айбанчылык мүнөздө кордоо -19, башка кылмыштардын саны — 556ны түзөт. Балдар арасындагы өзүнө кол салуу боюнча 95 факты катталып, анын 39у кыздар жана 56сы балдар болгон. Өткөөл курактагы балдар өлүмүнүн өсүшү — Ош облусунда — 15 жаштан 17 жашка чейин, Нарында 7-8 жашка чейин, Таласта — 2-5 жаш курагы катталса, Бишкекте 5-6 жашка чейинки курак көрсөтүлгөн. Ош шаары менен башка облустарда төмөндөгөнү байкалган.