Бул тасманы жакшылап көрүңүз да, өзүнчө жыйынтык  чыгарыңыз. Уюлдук телефонубуз жаныңызда 1 саатка жок болуп калса, укмуш бушайман болуп, кең дүйнө тарып кетери чын. Бирок ошол эң жакын, эң керектүү, эң сүйүктүү телефонуңуз ден- соолугуңузга чоң зыян келтирери бышык. Буга көпчүлүк ишенсе, дагы бир топтору эч ишенгилери келбейт.  Кандай зыян келиши мүмкүн? Болгондо да  баш-мээ «аймагын» кооптуу абалга кептеп, «титиретет»  экен. Буга далил катары төмөндөгү тасмада кадимки магиниттин күкүмдөрү телефонго коңгуроо болго кезде тынч жаткан жеринен «тирилип», туйлап-туйлап, кыргыздын  «Кара жоргосун», Бакиевдин «Анджиан полкун», Майкл Жексондун бийин тытып баштаганын айтсак жетишттүү болоор.  Негизи телефонго коңгуроо келгенде, же чалганда кулакка «тыгып» жибербей, үнүн чоңойтуп, алысыраак кармап сүйлөшүү жакшы,  кыйла коопсуз экени айтылып келет.  Эмесе, бул тасманы бирге көрөлү да,абайлап жүрөлү:

https://www.youtube.com/watch?v=IETTDgt1_uA&feature=youtu.be

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here