Учурда кээ бир маалымат булактары, №47 колониянын ооруканасында дарыланып жаткан Садыр Жапаров өмүрү коркунучта экендигин билдирип, жактоочусу аркылуу салам-дубай жолдоп жаткандыгын жазып чыгышты. Жактоочусу аны менен 1,5 саат отуруп сүйлөшүп чыккандан кийин, Жапаров ага кысым жасалып жаткандыгын, өзүнүн жана балдарынын өмүрү коркунучта экендигин айткан.

Жактоочу Динара Медетова бул тууралуу абактын жетекчилигине кабарлаганда, алар: «баары жайында» деп узатып койгондугун билдирген. «Садыр Жапаровдун абалы жакшы эмес. Ал азыр туруктуу капельница алып жатат.Анын өмүрү коркунучта экендигин абактын жетекчилигине айтсам, биздин келтирген жүйөөлөрдү четке кагып,эске албай жатат» — дейт адвокат.

Чындыгында эле Жапаровдун өмүрү коркунучтабы же жөн гана коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында жасалган саясый жүрүшпү? Антели десек, Садыр Жапаровдун кан тамыры кесилгенден кийинки сүрөттөрү интернетке чыгып кетти… Кыскасы, бул  маселеде эл дагы ачык биле элек мандем бар окшобойбу…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here