Россиялык басылмалар Тергөө комитети тарабынан Санкт — Петербургда метродогу террактка Кыргызстандын Ошунан барып, 6 жылдан бери Питерде жашаган А.Жалилов шектелип жатканын жазып чыгышты.  Анын бир нече паспорту бар экендиги аныкталган. Террактты Жалилов колго жасалган жардыргыч менен ишке ашырганы айтылууда. Акборжан Жалилов шектелгендердин үчүнчүсү. Буга чейин Питердин полициясы Башкириядан келген жаранды издеп табышкан.

 

Жардыруунун чок ортосунда каза болгон 22 жаштагы Казакстандын студенти Максим Арышев жанкечти болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Анын жакындары бул маалыматты четке кагууда.

Ал эми Казакстандын ИИМи 4-апрель түнү Максимди эч жерден таппай жаткандыгын билдиришкен. Жалилов полицияга өзү келгендиги да айтылууда. Мындай болсо, ал ак экенин далилдейин дегени го. Айтор, бул маселе боюнча Кыргыстандын Орусиядагы элчилиги эмгиче тактай элек. Акыркы маалыматтарда бул терактан 11 адам каза таап, 50гө жакын жаран ар кандай деңгэлде жарадар болгондугу айтылуууда. Алардын арасында кыргызстандыктар жок.

https://www.youtube.com/watch?v=r98_KbwqAAE

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here