Мени менен экинчи жүз карашкыс болуп ажырашкан аялым менен кайрадан жакшылыкта кездештирген бул окуяга күбө болгонумда алгач өзүмө келе албай бир топ кыйналдым. Эмесе кеп башынан болсун.

Атым  Нуркамил.  Нарындан болом. Мындан отуз жыл мурда ашык болуп оштук бир кызга үйлөнгөн элем. Ошондо атам: “Нарындан кыз калбай калгансып  кайдагы бир сартка үйлөнөсүң. Эми сени бул  “күч күйөө” кылып өзүнүн төркүндөрү тарапка алып кетип калбаса болду ”,-деп нааразы болгондо апам ортого түшүп атамды тыйып койгон болчу. Ошентип айылда аялым менен ынтымактуу эле жашап аттым. Арадан бир ай өткөн соң Бишкекке барып тирилик кылууга туура келди. Аялым экөөбүз тең иштегендиктен бул жактан көп деле кыйналган жокпуз. Бир күнү жумуштан келсем Адалат кабагын бүркөп:

-Бишкегиң мага жакпай калды. Ошко аябай көнүп алыптырмын. Апамды сагынып куса болуп жүрөм. Эгер каршы болбосоң биз жакка барып эле жашабайлыбы ,-деди  үшкүрүнүп.

-Кызык адамсың го. Сени ээрчип кетсем ата-энем элдин бетин кантип карайт. Анын үстүнө өзүм бир үй-бүлөнүн улуу баласы болсом. Концертиңди токтот ,-деп намыскөй адамдай түр көрсөтсөм ал ого бетер күчөп:

-Сен мени жакшы көрбөйт экенсиң. Анда өзүм эле кетем. Башка аял алып ата-энеңдин үйүнө барып каалашыңча жашай бер ,-деп тултуңдап коркутуп аз жерден ыйлап жибере жаздады.

Ошону менен ортобуздагы сөз бүттү.   А мен көпкө ойлондум. Чындыгында аны аябай жакшы көргөндүктөн айласыздан кайын-журтум тарапка барып жашамай болдум. Айылга барып ата-энеме ачык айтканга да эмнегедир эрким жетпеди. Анан балээнин баары биз Ошко барганыбызда башталды. Алгач жакшы кабыл алган кайненемдин өнөрү убакыт өткөн сайын чыга баштады. Кайнатам жаш кезинде эле каза болуп калган экен. Кайненем биздин жашообузга кийлигишип, кызына мен тууралуу ар кандай сөздөрдү айтып башымды оорутчу болду. Мындай жашоодон тажап кадимкидей чүнчүп кеттим. Бир жолу кайненем мени жек көрөөрүн ачык эле билдирип:

-Ээ кызым, бул өлүңө отурайын аркалыгың соода кылганга да жарабайт турбайбы. Мен сага пулду көп тапкан эр таап берем.  Кетир оноуңду ,-деп көңүлүмдү калтырды.

Чыдай албай кетип ошол замат кайненемди нарындыкча сөгүп жибердим. Менден мындай мамилени күтпөгөн аялым энесине болушуп тилине ээ боло албай мени оштукча ашатты.

Адалатка көп теңелбей ал күнү эптеп баш калкалап алып, эртеси Бишкекке жөнөмөй болдум. Буга чейин ал базарда акчанын артынан түшүп, учурунда доктурга көрүнгөн эмес. Ден соолугу начарлап кеткендиктен тун наристебиз боюнан түшүп калган эле. Эгер ортобузда бала болгондо жашаганга аракет кылмакмын. Бул тууралуу түнү менен ойлонуп уктай албай кыйналып чыктым. Таң атканда бир сыйра кийимимди алып, аялым менен коштошпостон эле жолго чыктым. Бишкекке келгенде квартира таап, өзүмдүн көнгөн эле ишим менен алек болууну туура көрүп мектепке жумушка орноштум. Ажырашканымды уккан атам бир жылдай мага нааразы болуп кепке келбей жүрдү.  “Убакыт баарын дарылайт ”-демекчи аялымды эстебей деле калдым. Жашоомду жаңы барактан баштап өзүм менен кесиптеш нарындык кызга үйлөндүм. Жыпар да турмуштан аксап жолдошу менен ажырашып кеткен экен. Экөөбүздүн тагдырыбыз окшош болгонуна таң калдым. Ош тарапка турмушка чыкканда аны да кайненеси басынтып жөн жашатпай жолдошу менен ажыраштырыптыр. Экөөбүз бактылуу жашап алты балалуу болдук. Шаардагы жаңы конуштардын биринен заңгыраган үй сатып алдым. Мугалимдик ишимди таштап бизнес  менен алек боло баштадым. Улуу баламдын институтту аяктап үйлөнө турган учуру да келди. Мен жыргап кеткенсип ал дагы Оштон үйлөнө турган болгондо атама окшоп мен дагы нааразы болдум. Жыпардын сөзүн кыя албай ары карап ыйлап, бери карап күлүп уулумду оштук сүйлөшкөн кызына үйлөндүрмөй болдум. Болочок келинимдин ата-энеси Бишкекте жашаарын уулумдан укканда бир аз көңүлүм жайлана түштү. Той өткөргүчө куда-кудагыйым менен жакындан таанышып алдын ала сүйлөшүп алуу үчүн шаардагы  “Гималай”  кафесине аларды жолугушууга чакырдым. Кафеге баратканда жүрөгүм эмнегедир башкача согуп жатты. Ал тургай орто жолдон айнып аялыма:

-Мени зарыл иштери чыгып калды деп айтып койчу. Өзүң эле барып сүйлөшүп келчи,- деп өтүнсөм ал акырая карап:

-Сенин дени-кардың сообу? Балаңа өзүң түшүндүрүп кой,- деп андан ары сүйлөшкүсү келбегенсип тескери карады.

Ошондо чатак чыгып кетпесин дегенсип жанымдагылар сөздү башкага буруп кеткенде аялым экөөбүз бир аз кепке келип, кафеге жеткиче алдыда боло турган тойдун камылгасы тууралуу сүйлөшүп бардык. Биз айтылган убакыттан эрте баргандыктан  кудаларды күтүп отурдук. Бир маалда алар кафеге кирип келишкенде ордумдан туруп нес болгон адамдай кыймылдабай катып калдым. “ Көзүң жылуу учурап жатат”- деген сөз бекеринен айтылган эмес экен. Анткени арадан бир топ мезгил өтсө да эски таанышыңды көзүнөн тааныйт турбайсыңбы. Адалатты көргөндө эсиме келип жанымдагы аялымды карасам  ал дагы эси ооп кудамды тиктеп турган экен. Көрсө, кудам  анын мурдагы күйөөсү экен да. Өзүмө келип кудам менен кучак жая жүз көрүшкөн соң билмексен болуп Адалат менен  жакшылап учураштым. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы. Эки жаштын бактысына тоскоол болбой ошол күнү ынтымакка келип кудаларым менен эзелки тааныштардай сүйлөшүп отурдум. Эки тараптан жалпысынан 10 киши келген экенбиз. Кафеден баарыбыз алагүү болуп жакшы тарап кеттик. Кийин эки жаштын тоюн өткөргөнүбүздө кайненеме жолуктум. Баскан-турганы  дагы эле тың экен. Мурдагыга караганда ыйманга келип калса керек. Тойдо көрүшкөнүбүздө бетимден тынымсыз өпкүлөп кечирим сурап, буркурап ыйлап жибергенде эмнегедир зээним кейип кетти. Тамада антракт жарыялаганда атам экөөнүн  “ Андижан бийине” түшүп белек уткандарын кантейин. Адалат экөөбүз ак бийге түшүп бир сыйра сагынычыбызды жазып алгансыдык. Жыпар болсо кудам менен  “Кара жорго” бийинин акесин таанытты. Учурда биз таттуу куда-сөөктөрдөн болуп жакшы катышып жатабыз. Кээде жакшылыктарда жолукканыбызда Жыпарды кудамдан кызганбай эле   Адалатты кызгана турган болуп калдым.  “Сыр аяктын сыры кетсе да  сыны кетпейт – демекчи жашы 50дөн ашса да ал мен үчүн баягы керилген келин кезиндегидей эле сезилет. Кудамдын кичүү уулу үйлөнүп тойго барганыбызда ал катуу кызып калган эле. Сыртка мени атайын ээрчитип чыгып:

-Куда мен сизге ачуу чындыкты айтып коёюн. Чындыгында мен кудагыйымды жакшы көрчүмүн. Жыпарды эч капа кылбаңыз. Учурунда апамдын тилине кирип   анын баркына жете албадым.  А сиз тууралуу  Адалат кийинки учурларда мага көп айтчу болду. Экөөңөр бири-бириңерди аябай жакшы көрчү экенсиңер. Азыр кыргыздын бир заманбап макалы эсиме келип жатат. “Алыскы жакын кылган сотка” деген. Эгер биз түгөйлөрүбүздөн ажырап жүргөн учурда азыркы кездегидей сотка болгондо  , анда аялдарыбызга жагымдуу СМС жазып атып балким жарашып алат белек. Аттиң ай… Эмесе үйгө кириңиз. Сиз тээ бир учурда мектепте музыкант мугалим болуп иштеген турбайсызбы. Ошол үчүн мен бир таанышымдын аккордеонун атайын сурап келген элем. Бир шиңгил таштап койбойсузбу,- деп суранып калды.

Бул учурда коноктордун баары ырдагысы келип мени чыдамсыздык менен күтүп калышкан экен. Сырттан киргенде эле кол чаап тосуп алышты. Аккордеонду асынып  Адалатты бир карап алган соң Майрамбек   Осмоновдун  “Оштук кызга”  деген ырын созуп жибердим.  Ырдын аягына чыкканда   Адалаттын көзүнөн жаш куюлуп кеткенин көргөн кудам:

-Куда сиз учурунда оштук кызга ашык болсоңуз, а менин жаш кезде  эси-дартымдын баары эле нарындык кыз болуп калганын элден эмнесин жашырайын. Эми мага Майрамбектин  “Нарындык кыз” деген ырынын музыкасын ойноп бериңизчи. Бир ырдап бугумду чыгарып алайын,- деп Жыпарды суктана карады.

Кудам бул ырды сыздап укмуш ырдады. Угуп жаткан Жыпар дагы чыдай албай жашып кетти. Ошондо коноктор төртөөбүзгө аябай таң калышкан болчу. Өз түгөйлөрүбүз менен биз бактылуу болбосок да биздин балдарыбыздын учурда бактылуу жашап атканын көрүп, азыр Кудай миң мертебе ыраазы болуп жатабыз. Алар бактылуу болушсун. Мени  өз теңимден жалындаган жаштык курагымда ажыраткан мурунку кайненеме Кудайым ыйман берип, билип-билбей жасаган күнөөлөрүн кечирсин. Кечиримдүүлүк адамдагы эң жакшы сапат экенин эми билип жатабыз. Эгер биз кечиримдүү болбогондо, анада баш кошо турган балдарыбыздын убалына калмакпыз. Адалат алгач келин болуп келгенде сарт деп теңсинбеген атам азыр менин оштук келинимдин демдеген ашын ырахаттанып жесе, мени бир кезде аркалык деп жээриген  мурунку кайненем уулумду болсо өзүнүн күйөө балдарынан да артык көрөт. Кудай ушуну кут кылсын! ..

Автор: Нуркемел Исаев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here