Коррупциядан баштап төңкөрүш уюштурууга чейинки кине тагылып аткаминерлер чекесинен абакка жөнөтүлүүдө. Мындай жол менен бара берсек УКМКнын СИЗОнун  “VIP – камераларында” орун жок калат го. Кылмышы аныкталып,  абакка камалып турса, анын эмнеси жаман. Бул деген тартип жана тазалануу эмеспи. Эмесе, эске түшкөндөрдү четинен санап көрөлүчү.

Төңкөрүш уюштургандар

2016-жылдын майында «Элдик парламенттин» жана «Эл күнү» кыймылынын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Тойгонбек Калматов, Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов жана Александр Гусевдин иши сотто каралган.

Алардын айыбы 22-мартта эле угузулушу керек эле, бирок соттун ооруп калгандыгына байланыштуу өкүм чыгаруу  белгисиз мөнөткө жылдырылган.

Мамлекеттик айыптоочу, мүлктөрүн конфискациялоо менен бирге Дастан Сарыгуловго 12 жыл, Бектур Асановго — 15, Кубанычбек Кадыровго — 16 жыл, Эрнест Карыбековго — 22 жыл эркинен ажыратууну сураган .Чагымчылдык жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенгендер. Мында кылмыш ишин козгоого Интернеттеги аудио жазуу негиз болгон. Анда кармалгандардын бийликти басып алгандан,  мамлекеттик кызматтарды бөлүштүрүп жаткандыгы жазылып алынган. Аларга «бийликти күч менен басып алуу жана улут аралык чагымчылдык» кинеси коюлган.  Бирок, буларды жактаган юристтер, аудио жазуу УКМКда оңдолгонун айтышкан.

Мурунку жана азыркы депутаттар

Февралдын аягында СИЗОго баруу «шыбагасы» «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге буюрган.  Аны алдамчылык жана коррупция  боюнча 25-апрелге чейин камакка алынган. Текебаев менен бирге ӨКМнын мурунку министри Д.Чотонов да камалган. Ал «Ата — Мекен» фракциясынын  лидерине орус бизнесмени Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алып берүүгө ортомчулук кылганы боюнча айыпталган.

Андан туура бир ай өтүп, 25-мартта парламенттин экс -депутаты Садыр Жапаров кармалды. Жапаров адамдын өмүрүнө коркунуч келтирүү, барымтага алуу, бейбаштык, бийликтин өкүлүнө күч колдонуу боюнча айыпталып, тергөөнүн акырына чейин абакта отуру чечими чыккан.

Марттын аягында, «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкаруучу төрагасы Жеңиш Жумашев камалган. Ага КРнын  Кылмыш кодексинин 221-  беренесинин 3 бөлүгүнүн негизинде, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иш козголгон.

Мародерчулук иштери боюнча

VIP-айыпталуучулардын акыркыларынан болуп, бешинчи чакырылыштагы ЖКнын депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын мүчөсү Райкан Төлөгөнов эсептелет. Ага 2010-жылдагы төңкөрүштө Бишкекте талап-тоноого катышкандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн көрсөтмөсүндө, 2010-жылы Төлөгөновдун командасы менен дүкөн, офистер тонолгон.

.Коррупционерлер…

Кечээ жакында эле бул тизмени, ЖКнын депутаты М.Исаков менен экс вице-премьер — министр Тайырбек Сарпашев толуктап,  кылмыш иши козголду. М.Исаковго Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси боюнча (Коррупция) айыбы угузулса, Сарпашевге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча иш козголду.

Булар абакка жетеби, же башка жол менен кетеби, аны байкап туралы…

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here