Алыкул Осмоновдун үй-музейин калыбына келтирүү максатында бир канча жогорку окуу жайлардын мыкты студент жана лидерлери, ошондой эле фонд, бирикмелердин активдүү жаштары менен чогуу колдоп-коштоого арзыган иш-чара татыктуу башталды
Саамалыктын мүчөлөрү менен кеңеш куруп, «жети өлчөп, бир кесип», бардык аткарылчу пландар тизмектелди.
1-апрель күнү «Жатакана Жаштары» коомдук бирикмесинин 30 активисти демилгенин алгачкы кадамдарын баштап, акындын үй-музейинде ишембилик уюштурду.
Ооз менен эмес, чеке тер жана жетилген аракетчилдик менен иш баштаган азаматтарга ийгилик каалап, четте турбай, колдоп-коштойлу! Алыкул – менин, сиздин, биздин жана баарыбыздын сыймыктанган акыныбыз!

«Эрксиз сылап, караңгы көр кереңин,
Сыртта калар аз болсо да керегим.
Билбес жанга өспөс менин бийигим,
Билген жанга өсөр менин тереңим».

Тез арада банктык эсеп ачылат, кайдыгер болбой, колдон келген жардамды аябаңыздар!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here