Кыргызстандын Башкы прокуратурасы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн жараксыз бланктарын бергендиги үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге жана аталган кызматтын кызматкерлерине «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси» боюнча кылмыш ишин козгогондугун жар салды. Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө жараксыз делген бланкаларды сатып алууга Сарпашев протоколдук көрсөтмө берген делет.              Республиканын аймактарына таркатылган бланктардын микротекстинде «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк эмес», «Никеге тургандыгы туурасындагы күбөлүк» деп жазылып турган. Мунун айынан мамлекеттен сыртка чыгууга документтери туура келбеген 12 миң жарандан арыз түшкөн. Учурда сатып алынган 40 миң жараксыз күбөлүктүн ордуна, 11,690 күбөлүк алынып толукталды, калганын толуктоо иши алдыда турат. Бул иштин кесепетине күбөлүк алган балдардын жана ата-энелердин да укуктары бузулган деп билдирет көзөмөлдөөчү орган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here