Кечээ, 2-апрелде өзүнүн фейсбуктагы баракчасына муфтий Чубак ажы Жалилов ыраазычылыгын билдирүү менен бирге өзүн муфтийликке ат салышуудан баш тарткандыгын жарыялады.

Журтчулукка кайрылуу:

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим.

Урматтуу мусулман журтчулук! Кээ бириңиздерге белгилүү болгондой жакында өтчү Азирети Муфтийди шайлоо боюнча иш чарага менин ысымым талапкер катары Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрө тарабынан – мен Россиянын Сургут шаарында илимий дааваттык сапарда жүргөндө — сунушталган эле. Бул маселе жеке менин демилгем болбогондуктан, мени сунуштаган аалымдарыбызга ыраазылыгымды билдиремин. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн, оожалган мекенде, какканы катуу болсо талапкерликтен (өзүм каалап койбосом да) алып салууну чечтим.

Ыйманга, акыйкатка, элге жана мамлекетке кызмат кылуу кайсы бир орун менен чектелбейт. Молдолуктун окуусун окуган адам сөзсүз эле муфтий болуп кызмат кылуусу шарт эмес. Орто-Азиянын залкар аалымы жана мурдагы муфтийи Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф менен Кыргызстандын мурдагы каазысы (азыркыча муфтийи) Садыкжан Камалов СССР жана Кырг.ССР жогорку Ке?ештеринде депутат болуп кызмат өтүшсү, муфтий Ахмад Кадыров менен имам Режеп Тайып Эрдоган президент болуп кызмат кылышты жана кылып жатышат. Өзгөндөк Казыхан менен Сарахсий китеп жазууга өмүрүн беришсе, Молдо Хусейин Карасаев менен молдо Ишенаалы Арабаев жапырт сабатсыздыкты жоюуга ченемсиз эмгек аркалашты.

Мени колдогон мухлистерге айтаарым: Кудай Таалам баары?ыздардан ыраазы болсун. Бетеге кетет бел калат демекчи, акыретке биз ыйманыбыз жана Кудай Таалама жаккан жакшы-саалих амалдарыбыз менен барабыз.

Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, эркиндиги жана жаркын келечеги үчүн, Ыйман жана Акыйкат үчүн дем алып аба жутканды, арсыздыктан арылып, намыс менен жашаганды Кудай Таалам баарыңыздарга насип кылсын. Изиңиздерди изгилик, ишиңиздерди ийгилик издесин…Ар дайым кызматыңарда болгон…

Бир тууганынар Чубак ажы…. 02.04.17. Бишкек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here