Мюттердин медициналык тарыхынын музейи — деген аталыштагы дүйнөдөгү эң коркунучтуу музей Филадельфия шаарындагы медициналык колледжде жайгашкан. Аталган музейден — адамдын денесинин эң коркунучтуу патологиялык өзгөрүүлөрүн көрө аласыңар.  Музей 1858-жылы доктор Томас Дент Мюттер тарабынан негизделген. Медиктер үчүн илимий жактан баалуу болуп эсептелген бул жайга кирүү акысы 14 долларды түзөт.

Экспозицияга патологиянын ар кандай түрлөрү, байыркы жана өзгөчөлөнгөн медициналык жабдыктар, жандын үшүн алган ар кандай деңгээлдеги биологиялык мүчүлүштүктөр сакталган. Андан тышкары, өлгөн америкалыктардын көзгө урунттуу кызык айырмачылыктары бар баш сөөктөрүн көрүүгө болот. Психикалык жактан алсыз жана кабыл алуусу өтө сезимтал адамдарга бул музейге кирүү гана эмес сүрөттөрдү көрүү сунушталбайт. Мюттердин экспонаттарынын арасынын жалгыз мүйүздүү аялдын скульптурасы бар. Музейдеги «самынданган аялдын» денеси да турисстерди тарткан. Себеби, сакталган аялдын сөөгү сактоонун өзгөчө, табышмактуу жагдайлары менен самынга айланып калган.

Адамдын 40 фунт сыя турган ичегиси, АКШнын президенти Кливлендден алынган шишик, сиам эгиздеринин бириккен боору, Президент Гарфилдди өлтүргөн Шарл Гитонун мээсинин кесими өңдүү түшкө кирчүдөй байыркы экспонаттар орун алган. Гарии Истлак да медицина жаатында абдан белгилүү. Ал белгиси табышмактуу оору менен ооруп, анын денесиндеги көгала болгон жерлеринин ордуна мүчөлөр өсүп баштаган. Ал 40 жашында өлөр алдында өз каалоосу  менен сөөгүн музейге тапшырып кеткен.  Филадельфиянын коноктору алгач ирет аталган музейге бир баш багууга ашыгышат.

Автор Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here