Бүгүн, саат 14:40дар чамасында РФнын Санкт-Петербург шаарынын метросунда жардыруу болгон. Алгач 10 адам каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алганы айтылган. Кийинки маалыматта 9 адам каза таап, 20дан ашууну каза болгону айтылууда.  Каза болгондор менен жарадар болгондордун арасында мигранттар бар же жок экендиги тактала элек. Жарылуу «Сенный площадь» жана «Технологиялык институт» станцияларынын ортолук аралыгында болгон. Учурда,метродогу адамдар толук чыгарылып кеткен жана Питер менен Москванын өзүндө да катуу көзөмөл орнотулган.

Бул жардырууну, Россиянын Башкы прокуратурасы алгач терракт деп атады. Бул күнү Санкт-Петербургда жүргөн Владимир Путин коопсуздук күчтөрү бул окуянын терроризмге байланышын иликтеп жатканын айтты. Ал: «Курмандыктардын жакындарына чын жүрөктөн көңүл айткым келет. Атайын кызматтардын башчылары, анын ичинде ФСБнын директору менен сүйлөштүм. Коопсуздук күчтөрү жана атайын кызматтар окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракетти көрүшөт»,-деп билдирди Питердеги ЖМК жыйынында.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here