Таштандыга толгон Порт-Морсби шаары дүйнөдөгү эң кооптуу, коркунучтуу шаар деп эсептелинет. Жаңы Гвинеянын чыгышында жайгашкан Порт-Морсби  бийиктен караганда кадимки эле шаар көрүнгөнү менен ичине киргенде, тозокко киргениңди түшүнөсүң.  Мамлекеттин Президенти баштаган ыйгарымдуу бийлиги бар экендигине карабай, бул жерлерди кылмыштуу  топтор башкарат. Жөнөкөй адамдын, туристтердин көпкө токтобой, бул шаарды айланып өткөнү оң. Анткени, кадимки адам үчүн  Порт — Морсби жылдап отурган зектери бар түрмө сыяктуу. Алардын өздөрүнө тийиштүү мыйзамдары бар. Шаардын чекесинде тамак үчүн адамдарды ит аткандай эле өлтүрүп коёт.

Ал эми борборунда жумушу жок сагалаган «бездельниктер» кыларга иши жок эрмектеп адам өлтүрүү менен алек. Алар адам өлтүргөнү үчүн жазаланбайт. Анткени, бийликти сатып алып койгон же коркутуп алышкан. Эгер, сиз Порт-Морсби шаарына барууну чечсеңиз, анда ойлонбостон эле керээз катыңызды калтырып кете бериңиз.

Аталган шаардын кооздугун жергиликтүү бийлик жар салып келет, бул бир гана туристтерди тартуу аракети.

Жергиликтүү жашоочулар мындай азаптан кутулуу үчүн эптеп көчүп кетиши керек же бандалардын бирине кирип иштеши керек. Башка аргасы  жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here