50 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну аялын жана кайын энесин бычактады деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде  Ички иштер министрлигинин басма сүз кызматы билдирди. Окуя 31-март күнү саат 09:40дар чамасында болгон.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Биринчи Май ИИБнүн ыкчам-тобу барышканда, Бишкек шаарынын Комунаров, Азовская күчүсүнүн кесилишинде чогулуп турган жарандар милиция кызматкерлерине Комунаров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда катуу кыйкырык уруштар болуп жаткандыгын билдиришкен. Окуяны тактоо үчүн чогулган жарандар менен кошо жогорудагы үйдөн алдына барган учурда көчөдө колуна бычак кармаган, кийимдери жана бети-башы канга боелгон болжол менен жашы 40-45 жаштагы азиат улутундагы жаран болгон. Аны алдоо жолу менен колундагы бычакты тартып алышкан. “Кармалган жаран 50 жаштагы К.С. экендиги белгилүү болгон. Ал жарандын жашаган үйүнүн короосуна кирген кезде короосунун оң жак капталында болжол менен жашы 80-85 жаш курагындагы аялдын канжалап жаткан денеси табылган. Андан тышкары, үйдүн иичнен жашы 40-45 жаштагы аялдын канга боелуп, ичегилери чубалып жаткан. Аны тез жардам кызматы алып кеткен”, — деп айтылат маалыматта. Бул кылмышты жасаган жаран 50 жаштагы К.С., жабырлануучулардын бирүүсү кайын энеси болсо, экинчиси аялы болгон. Ал эми үйдүн ичинде ыйлап отурган жашы 10-12 чамасындагы кичинекей кыз К.С.нын кызы экендиги аныкталды.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here