Жусуп Абдрахманов — советтик, партиялык ишмер. Каракол уездинин Күнгөй Ак-Суу болушундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө туулган. 1911-1916-жж. Сазанова кыштаганда орус-тузем мектебинде, Каракол шаарындагы башталгыч окуу жайында окуган. 1916-ж Үркүндө Кытайга барган, ал жактан ата-энеси өлүп, 15 жашында жетим калган. 1917-ж Кытайдан келип, Кыргыз Армиясынын катарында, Совет  бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-жылы Верный командирлик курсунда окуган. 1924-1925-ж. Кара-Кыргыз Автономия областтык партия бюросунун 2-секратары болуп, кийин Ташкентте, Москвада иштеген. 1927-жылдын мартында Кыргыз АССР Эл комиссарлар Советинин төрагасы болгон. 1933-жылы жалган жалаа менен кызматтан алынып, Самара шаарына жана Оренбург аймагына ишке жиберилген. 1937-жылы «Алаш Ордо» контрреволюциячыл уюмунун өкүлү деген жалаа менен камалып, Оренбургдан Фрунзеге алынып келинет да, «Туран» партиясынын мүчөсү болгону үчүн, 1937-жылы 5-ноябрда 37 жаш курагында атууга кеткен. 1958-жылы жарым-жартылай, 1989-жылы толук акталып, айкели Бишкек жана Каракол шаарларына коюлган. Кийин борбор калаабыздын мурунку Совет көчөсүнүн ордуна Ж.Абдрахмановдун ысымы берилет.

Аткарган кызматтары

1922-жылы мартта Тоолуу Кыргыз областын түзүү сунушу менен кайрылган кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Ж. Абдрахманов болгон. Ошол эле жылдын 25-мартында Түркстан компартиясынын Борбордук Комитетинин секретариаты Түркстан Республикасынын курамындагы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү жөнүндө чечим чыгарып, 26-мартта ТуркБАКтын кичи Президиуму курамында Пишпек, Каракол, Нарын уездери жана Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгү кирген. Борбору Кочкор кыштагында жайгашкан. Ушунун натыйжасында өз алдынча улуттук автономиялуу мамлекеттүүлүгүн түзүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр ачылган.

Кийин 1924-жылы октябрь айында болуп өткөн өзгөрүүлөрдө Кара-Кыргыз Автономиялуу облусун түзүүгө активдүү катышкан. Жогорудагы жылдын 18-октябрында РКП(б) БКнын саясый бюросу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Убактылуу партиялык бюросунун жана революциялык комитетинин курамын бекиткенде Ю.Абдрахманов РКП(б) партиялык бюросунун 2-секретары болуп дайындалган. Мындан сырткары Кара-Кыргыз автономиялуу облусун кайрадан Кыргыз Автономиялуу облусу кылып түзүүдө, андан Кыргыз Автономиялуу Республикасы деп жарыялоого болгон кадамдарда чоң салымын кошкон. Кыргыз АССРи түзүлгөндөн кийин, республикада анын Конституциясын кабыл алуу зарылчылыгы келип чыккан. Жергиликтүү Советтерге шайлоолор өткөрүлүп, 1929-жылы Кыргыз АССРинин II съезди болуп өткөн. Ага 220 делегат катышып, республиканын өкмөтүнүн отчетун уккандан кийин Кыргыз АССРинин Конституциясы кабыл алынган. Бул Конституция 7 бөлүмдөн, 16 главадан жана 97 статьядан турган. Конституция Республиканын жаңы мамлекеттик жана коомдук түзүлүшүн бекитип, Кыргыз АССРи мамлекеттик бардык саясый укуктарга ээ болгон. Кыргызстанда жашаган бардык элдердин тең укуктуулугу жарыяланып, аларга өз тилинде билим алуу укугу берилген. Кыргыз АССРинде мамлекеттик тил катары кыргыз жана орус тилдери эсептелген. Мамлекеттик кызматкерлер бул эки тилди тең билүүгө милдеттүү болушкан. Натыйжада кыргыз тилинин ролу жогорулап, анын өсүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

1936-жылы 5-декабрда болуп өткөн Конституциялык өзгөрүүлөрдөн кийин Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланган. Мындай өзгөрүүлөрдүн болушуна Ж.Абдрахмановдун кошкон салымы чоң болгон. Ушундай талыкпас эмгектери менен белгилүү ишмер Ж.Абдрахмановдун аты тарых барактарынан орун алган. Биз Жусуп Абдрахмановду Кыргыз элинин эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн жана эл тарыхын объективдүү изилдеген адам катары таанып билебиз. Жусуп Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары Республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат.

Анын, Республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкатка ыктап жазылган «Күндөлүгү» жана башка китептери белгилүү. Жусуп Абдрахманов Кыргызстандын чыныгы патриоту. Бул инсанга Кыргыз Мамлекетинин ар бир жараны таазим этиши керек. Анын ар бир кылган аракетинин артында биз көз карандысыз өз алдынча мамлекет болуп түптөлүп жатабыз.  Жогоруда сөз кылып жаткан инсандын кыргыз эли үчүн кылган эмгеги унутулгус жана көөнөргүс байлык катары тарыхтын барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды. Кыргыз элинин коомдук жана саясый мансабы 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген. Жети-Сууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан. Бир жылдан кийин РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жети-Суу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. Москвада 1920-ж. өткөн РКСМдин 3-съездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин менен сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920-1924-жылдарда партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-ж. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор болуп эмгектенген. Улуу инсандын көөнөргүс эмгектери бааланып, бүгүнкү күндө Абдрахмановдун ысымы Ысык-Көл районундагы айыл кеңешине (мурдагы Таштак айыл кеңеши), борборубуз Бишкек шаарынын бир көчөсүнө (мурдагы Совет көчөсү) берилди. Туулган айылында жана Каракол шаарында эстеликтери тургузулду.

Чындыгында эле ошол кездеги саясый ишмерлерибиз ушул даражага татыктуу экени айтпасак да белгилүү. Октябрь революциясынан кийин азыркы Кыргызстанды өзүнчө бир автономиялуу облус, кийин автономиялуу республика, соңунда Союздун курамындагы республиканын алдына бириктире алган, өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы саясатчыларынын эмгеги зор болгонун тарых бүгүн тастыктап тургансыйт. Кыргыз элин өкүндүргөн бир көрүнүш катары ушундай инсандардын «улутчул, эл душманы»-деген жалган жалаа менен атылып кеткени болду.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here