Садыр Жапаров 3-март күнү таңга жуук өзүнүн күрөө тамырын жана мойнун кесип алганы боюнча маселе дагы да болсо кызуу талкууга алынууда.

Интернетке Жапаровдун өз колу менен жазган түшүнүк каты делген барак жарыяланды. Анда Садыр Жапаров эмне үчүн суицидге барганын түшүндүрүп берген. Ал өз колу менен: жакындарынын өзүнүн айынан азап чегүүсүн көргүсү келбегенин,  өзү минтип өлүп алса, аларды бошотот деген ниетте бул кадамга барганын, ошол күнү таңкы саат 4-5тер чамасында дааратканага кирип, ошол жерден өзүнө кол салганын баяндап жазган. Бирок анын тарапташтары Жапаров өзүнө-өзү кол салды деген маалыматка ишенбей турушат. Минтип,  Жапаров өзү  болгон окуяны, ыймандай сырын айтып жатса, анын туугандары  кайдагы жомокту айтып жатышат. Бет тырмарлыктын да чеги болуш керек го….

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here