Элибизге белгилүү инсан, педагогика илимдеринин доктору, билим берүү багытындагы бир нече мыйзамдардын автору жана Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты Жанкороз Каниметов  “Ала -Тоо” университетинин ректору болуп дайындалды. Бул окуу жайдын аты буга чейин “Ататүрк –Ала-Тоо” болуп келген. Түркиядагы Гүленге байланыштуу  (бул Гүленге караштуу окуу жай эле) окуядан улам, эми ушундайча болуп өзгөрдү. Каниметов буга чейин ушул эле окуу жайдын ректорунун кеңешчиси болуп келген. Дагы бир жагымдуу маалымат эми бул ЖОЖдун түзүүчүлөрдүн бири  КРдин Билим берүү минитсрлиги болуп калды. Бул маселе боюнча азыр тиешелүү кагаздар даярдалып, каттоодон өткөнү турат. Ал эми Гүленге караштуу болуп келген «Себат» билим берүү мекемеси, жакында эле «Сапат» болуп өзгөрүп, ага да Билим берүү министрлиги үлүшкө кирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here