Оорунун алгачкы белгилери

Мурундун көңдөйлөрү, маңдайы, кээде беттин жарым капталы оорушу мүмкүн. Мурундан дем алуу кыйындап, жыты жагымсыз суюктук мурундан бүлүнүп чыгып, көздөн жаш агып калат. Албетте, жыт билүү төмөндөйт. Кээде ооруга чалдыккан көңдөйлөр  тарап шишийт, калтыроо пайда болушу мүмкүн. Дененин температурасы  38 градуска жетет же андан да жогору болот. Гайморит суук тийгенден, иммунитеттин төмөндөп  кетишинен, аллергиядан, өтүшүп кеткен сасык тумоодон, оору туудуруучу микробдордун жогорку активдүүлүгүнүн, мурундагы «вентиляция» токтогондон пайда болот. Суук тийген маалда мурун аркылуу кулакка, тамакка өтөт. Мындай учурда мурундагы кеңилжээрлерге суу толуп, тешикчелер бүтөлүп калат да, ал ириңге айланат. Мурун көңдөйчөсү мурундун көзөнөкчөлөрү  бүлүнүп калгандыктан көңдөйчөдөгү  дайыма бөлүнүп чыгып туруучу былжыр акырындык менен толуп калат. Бул микробдордун көбөйүп, өөрчүшүнө аябай чоң шарт түзөт. Көңдөйчөдөн тышка чыга албаган ириң күчтүү басым менен канга аралашып кетет да, бүткүл организмди ууландырат.

Эгер гайморит өтүшүп кеткен болсо…

 Тешикчелер иштебей суу толгондо күчөп отуруп, гаймориттин күчөтүлгөн маалына «астеитке» туш болот. Көпкө чейин дарыланбаса ириң сөөктөргө  өтүп кетет да, беттер шишийт. Мурун оорунун башталышында деле ысып, температурасы жогорулап, башы ооруп, мурун дем алалбай калат. Бул учурда биринчи рентген жасап,  кандай оору экенин аныктоо зарыл. Суу толгон жерлери рентгенде бозоруп калат. Эл арасында «Гайморит болуп мурунду бир тештиргенден кийин өнөкөткө айланып,  кайра-кайра кармай берет»- деген туура эмес түшүнүктөр бар.

Гайморит коркунучтуу оорулардын катарында

Өтүшүп кеткен болсо ириңдүү масса сыртка чыгууга каалаган жагынан жол издейт. Көбүнчө көз көңдөйүнө туш келет. Бул абцесске (ириңдүү сезгенүү), флегмонага алып келет. Сезгенүү баш мээнин кабыктарына тарап, менингитти жаратат. Көңдөйлөрдөгү сезгенүү процесси пневмониянын, өнөкөт  бронхиттин, бронхиалдык астманын өөрчүп кетишин шарттайт. Мээнин кан тамырларында кандын уюп калышына да жеткириши мүмкүн. Жыт билүү сезими төмөндөйт . Бет нерви залал тартып, «невралгия» оорусу келип чыгат.

Айыгуунун жолдору жана элдик медицинада кантип дарылайт?

1.Элдик медицинада эчактан бери эле мурунга каланхоэнин ширесин тамызуу менен дарылашат. Тамызып жатканда мүмкүн болушунча башты чалкалатып туруу керек. Каланхоэнин жуулган жалбырагын сыгып, ширесин пипеткага жыйнап алат. Ушундан соң адегенде биринчи, анан экинчи таноого тамызат. Эгерде бардыгы туура жасалса, бир нече мүнөттөн кийин киши чүчкүргүсү келет. Чүчкүргүн мезгилде мурун көңдөйү тазаланып, 3 күн ушундай дарылоодон кийин гаймориттен арыласыздар.

  1. Картошканы кабыгы менен сууга бышырып, суусун төгүп, оронуп отуруп картошканын буусу менен дем алуу менен колдонуу керек.
  2. Бир стакан кайнак сууга төмөнкү чөптөрдү: 15 гр чай чөп (зверовой), 10 гр ромашка жана 10 гр укропту демдөө . Демделген маңызды аралаштырып, күнүгө таноолорго 5 тамчыдан 3 маал тамызуу керек.Гайморит оорусунда укалануучу точкалар: колдогу, баштагы жана беттеги точкаларды укалоо гайморитти айыктырууга жакшы жардам берет. Укалоо сөөмөйдүн учун жеңил кыймылдатуу менен жасалат. Эгерде тешикчелер толук бүтөлбөй, жакшы иштесе суулар көп чогулбай, акырындык менен  өзүнөн өзү жакшы айыгып кетет.  Мурундан ириң чыгып жаткан кезде ысык басууга болбойт.

Дарыгерлер эскерте

 Баштын ооруганы күчөп, дене табы көтөрүлсө, өз алдынча дарыланып ооруну тереңдетип жибербөө үчүн тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл. Элдик медицинадагы ыкмаларды колдонуудан мурда врач менен кеңешип алган туура.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here