Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышы өтүп жатат.  Жыйынга мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш фракцияларынын лидерлери, министр-жетекчилер мүчөлөр катышууда. Атамбаев өз сөзүндө адаттагыдай көп нерсени жасалмасы жок түз айтып жатат. Жапаров Садыр тууралуу да өз оюн билдирди. Маселен, ал: «Өлкөдө баш аламандык уштургандарды СИЗО күтүп турганын билдирип,  2010-жылдагы революциянын алдында УКМКда VIP камералар болгон, анын ичиндегилер казы, карта, чучук жеп олтурушкан. Мен да ошондой камерада олтургам. Бирок азыр абал башка. Анын эшиги кең ачылган. Тынчтык жана туруктуулук. Мына биздин жетишкендигибиз. Кыргызстан эркин өлкө, биз абалды эч кимге ары-бери калчатпайбыз.” –деди.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here