Мындай сөздү Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жыйында билдирди. Ал жыйынга кечигип келгени үчүн кечирим сурап, андан соң жыйын орус тилде өтөрүн айтып, андан ары тамаша –чынга салып: “Мында чечимди Атамбаев Карамушкинадан корккону үчүн кылды деп ойлобой эле койгула. Мен мурда котормочу болгом, азыр «чириген саясатчы» катары мен орус тилинде сүйлөөнү туура деп эсептейм жана 45 мүнөт сүйлөйм, туура түшүнөсүздөр деп ойлойм. Мындан кийин талкууга өтөбүз-деди.  Айтор бүгүнкү жыйында ажонун мындай сөздөрү алдыда  ЖМКларда, коомчулукта, соцсеттерде кызуу талкууга жем таштай турган болуп калды көрүнөт. Маселен, “чириген саясатчымын” деген сөзү оппозицияга жага бербей калды. Алар түз мааниде кабылдашары турган иш. Чынында, ажонуну мындай сөзүн ар ким өз деңгээлине жараша түшүнөт. Кыскасы, бул сөздүн мааниси терең.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here