Казакстандын мамлекеттик прокуратурасы БТА банктын экс-жетекчиси Мухтар Аблязовдун  кылмыштуу тобунда ондон ашык мамлекеттин жарандарынан турган 100дөй адам бар экендигин кабарлады. Дүйшөмбүдө Алматыда Аблязовдун БТА банктан миллиарддарды кымыргандыгы боюнча кылмыш иши район аралык сотто каралды. Процесс башкы күнөөкөрдүн катышуусуз эле өтүүдө. Бул иш боюнча БТА Банктын мурунку орун басары Жаксылык Жаримбетов, кредит берүү боюнча директору Кайрат Садыков жана башкармалыктын мурунку өкүлү Садуакас Мамеш да сот жообуна тартылууда. «Аблязов өзү башында турган кылмыш планын жалгыз иштеп чыгалмак эмес, ошондуктан ал арам оюн ишке ашыруу үчүн кылмыштуу топ түзгөн.

Ал топко Казакстан, РФ, Украина, Швейцария, АКШ, Бельгия, Кипр баштаган ондон ашык өлкөдөн жүздөй адам кирген» деп билдирди сот залында прокурор. Маалыматка ылайык, банк Аблязовдун келишине чейин мыйзамдуу иш жүргүзүп келишкен. Мамлекеттик айып тагуучунун айтымында, Аблязовдун келиши менен банктын масштабын кеңейтип, эл аралык каржылоо булактарынан эң чоң суммаларды карызга алган. Андан соң гана, өзүнүн планын ишке ашырган.

Ал ошондой эле, мыйзамсыз кредиттерди берип, алардын пайыздык акчаларын менчигине ала баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө, уурдалган акчаларга Аблязов Лондондон Нью-Йорктон элиталык мүлктөрдү алгандыгы айкын болду.

Мухтар Аблязов 2009 — жылдан бери качып жүрөт. Азыр болжол менен Францияда жашап аткандыгын айтышууда. Учурда,Кылмыш кодексинин 7 беренеси менен күнө коюлуп жаткан Аблязов, жакында эле берген маегинде, 2005-жылы  Кыргызстандагы «жоогазын революциясын» каржылаганын ачыктаган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here