Бүгүн, эртең менен ушул жылдын 25-мартынан бери №1 СИЗОдо жаткан Садыр Жапаров венасын кескендиги тууралуу маалымат тарады. Анда Жапаровдун жубайы, жактоочусу менен таңкы бештен бери №1-СИЗО абагына кире албай жаткандыгын билдирген. Ал ортодо, ФБда Жапаровдун колунун кан тамыры жана мойнундагы күрөө тамыры кесилгендиги тууралуу билдирүүлөр жазылды. Саясатчы Асия Сасыкбаева, бул окуя туурасында фейсбукка:»СИЗОго «караларды» киргизип жиберишкен го, муну ошолор гана жасаган»- деген комментарий калтырган. Бул атайы жасалган провакация дегендер да бар. Эмнеси болсо да бул иштин чоо-жайы ачыкка чыгат. Акыркы маалыматтар боюнча, ал оор абалда №47 колониянын ооруканасына тез жардам менен алып келинип операция жасалган. Абалы оор экени айтылууда. Учурда, жактоочусу менен аялы үстүнө киргендиги белгилүү болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here