Мындай маалыматты «Азаттыка» Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Эрнист Тилеков билдирди.  Аталган борбордо 25 миң адам залалдуу шишик менен каттоодо турат. Жылына өлкөдө 5 миң кишиге алгач ирет рак диагнозу коюлат.  Анын айтымында ооруга чалдыккандардын көбүнүн дарты акыркы стадияда гана аныкталып жаткандыктан, дарылоо бир топ кыйын болууда.

Ошондой эле Тилеков Индиядан Кыргызстанга берилген «Бабатрон» жабдуусу эки айдан кийин Бишкекке жетип, ишке кирерин кошумчалады. Быйыл аталган борбордун имараттарын оңдоп-түзөө иштери да башталат. Бул катоого алынганды гана, каттоого алынбай, тиешелүү жерге кайрылбай жүргөндөр да аз эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here