Неврологиялык жеңил ооруларды үй шартында жеңүүчү үчүн сактала турган эрежелер:

1- Күндүн режимин сактаңыз

2- Витаминдерди кабыл алыңыз

3- Дене-тарбия көнүгүүлөрү менен алектениңиз

4- Дем алуу органдары менен көнүгүү жасаңыз

5- Суу менен дарылануу

Невроз оорусунан үй шартында арылууга болот. Болгону ага ылайыктуу жана натыйжалуу ыкмаларды колдоно билүү маанилүү.

Бир күндүк режим

Жашоону сиз эмес, сизди жашоо жашаган учурда невроз оорусу пайда болот. Анткени сиз эч нерсени пландап иштей албайсыз. Ашыкча иштеп, эс албай, аз уктап, талапка ылайык тамактанбайсыз. Мунун айынан неврозго чалдыгасыз. Андыктан күндүн режимин туура сактай билиңиз. Ал үчүн сапаттуу уктаңыз. 7 сааттан кем эмес уктоо керек. Убакыт сааты келгенде тамактануу зарыл.

Жашоону сиз эмес, сизди жашоо жашаган учурда неврологиялык оору пайда болот

Витаминдер

Неврозду дарылоодо витаминдердин орду дагы чоң. Сапаттуу, жаңы пайдалуу азыктар менен тамактанып, В группасындагы жана С витаминдерди кабыл алуу талапка ылайык. Бул витаминдер чарчап- чаалыгууну, алсыздыкты, тынчсызданууну, уйкусуздукту жеңет. Азыктардан жашылча, жер-жемиштердин бардык түрлөрү, жаңгактар жана бал пайдалуу.

Дене-тарбия көнүгүүлөрү

Невроздо денебиз физикалык тырышууга кабылат. Булчуңдар да тырышып калат. Андыктан дене- тарбия көнүгүүлөрү менен тынымсыз алектенип туруу маанилүү.

Дем алуу органдары менен көнүгүү жасоо

Дене менен дем бири- бири менен тыгыз байланышта. Дал ушундай абалда озүн тең салмактуу алып жүргөн адамдар сүкүт жасоо менен алектенишет. Денени калыпка салып тынчтандыруу менен нерв торчолорун чыңалуудан бошотосуз.

Жашоону сиз эмес, сизди жашоо жашаган учурда неврологиялык оору пайда болот

Суу менен дарылануу

Суу көптөгөн ооруларга даба. Ал азыркы күнгө чейин толугу менен окумуштуулар тарабынан изилденип бүтө элек. Андыктан ар дайым жылуу суу менен ваннаны толтуруп, ага ромашка, роза чөп- жалбырактардан кошуп колдонуп жүрсөңүз неврозду дарылаган болосуз.

Дарылоочу чай

Өзүңүзгө жаккан чөптөрдөн чай демдеп, ага бал кошуп ичсеңиз да невроздон дарыланасыз. Мындан сырткары, дарыгерден дагы кеп- кеңеш алсаңыз болот.

Автор: Кайыргүл Райымбек

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here