Садыр Жапаров тамырларын өзү кесип салганы, №1 СИЗОго эч кандай доосу жок экенин айтканы маалым болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөзү “Азаттыкка”:

— Саат жетиде Жапаровду №47 колониянын медициналык мекемесине алып келишкен. Анын мойнундагы, колундагы жарааттары тигилген. Учурда ал ошол жакта, өзүнчө палатага жайгаштырылды. Дарыгерлер анын абалын канааттандырарлык, кан басымы калыбында деп белгилешти. Акыйкатчынын өкүлдөрү жана адвокаты кирип, жолугуп чыгышты.  Аларга  Жапаров кан тамырын өзү кесип алганын айтып, 1 тергөө абагынын кызматкерлерине жана камерада чогуу отурган кишилерге, 47 колониянын кызматкерлерине доосу жок экенин билдирди. Ал бир гана нерсени: камакта отурган туугандарын бошотууну суранды- деп айтып берген.

Демек, Жапаровдун бул кадамы – провокация сыяктуу эле болуп калды  окшобойбу.  Кандайынан алып карабайлы,  — бул эркекчиликке жатпайт! Мыйзамды бузган балдарды  кан тамырын кесүү жолу менен бошотом дегени да акылга сыйбайт. Мыйзам баарына бирдей. Жапаров тамырын кести, кокуй балдарды бошотолу деп баарын бошотуп жиберсе, мамлекет мамлекет болуудан калбайбы. Ушул нерсе Жапаровдун мээсин жеткен жокпу? Эгер ал өзүнө чоң зыян кылган күндө деле, бошой турган балдар өз убагында бошомок. Кыскасы, Жапаров дагы бир жолу “герой” болуп, өзүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун аракетин көрүүдө. Же ал №47ге жатсам, Түлеев сыяктуу ал жерден авторитет болом деп ойлоду бекен?! Дагы бир маселе, ал балдарга шылтоолоп №1 СИЗОдон качып, ал жакка салыштырмалуу  ооруканасы бар №47 колонияга жатуунун амалы болду окшойт. Анткени, №1 СИЗОдо Жапаровду күтүп жаткан “каралар” бар экендиги мурда кийин айтылган. Ал жерде Саруу окуясы боюнча айыпталгандар “эс алып” жатышат. Ошолор эмне, Жапаровду төбөсүн көтөрүшмөк беле? Саруу окуясын уюштурууга Садырдын да  салымы бар экени көп жолу айтылууда. Айтор, ден соолугуна анчалык олуттуу зыян деле болбогон Жапаровду бийлик көп өтпөй кайрадан №1 СИЗОго киргизиши мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here