Сокулук районунун Шопоков шаарчасында жашаган 30 жаштагы Мээрим бир жарым жаштагы Аймончок жана Нуржигит, Гүлжигит деген 2-3 айлык эгиз баласы менен батирде эптеп баш калкалап, жакын жердеги заводдо эмгектенген апасынын эмгек акысы менен өлбөстүн күнүн көрүп жатышат. Күйөөсүнөн караманча дайын жок экенин зар какшаган каарманыбыз, «Айына бир-эки жолу ич эт менен ысык тамак ичсек ичебиз, калган күндөрүбүз карандай чай менен өтөт. Ал аз келгенсип эгиздеримдин биринде грыжа, биринин табарсыгында суу бар экен аларды даарылатканды мындай кой, ырастап тамак ичкенге шартыбыз жок. Биз үчүн 20 сом да чоң акча»-деген оюн ортого салып, эл ичиндеги кайрымдуу адамдардан кандай жардам болсо да үмүт кылаарын кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Автандил Кулбараков Шопоков шаарынын четинде жайгашкан Мээримдин батирине баш багып, жашоо шарты менен жакындан таанышып балдарынын кийим-кечеси менен дары дармегине 30 000 (отуз миң) сом акчалай каражат жана күнүмдүк жашоого керектелчү азык-түлүк тапшырып, жашайалмет үй-бүлөгө үмүт тартуулоо менен алдыда дагы жардамдар болоорун кошумчалап, кабар алып тураарын баса белгилеп өттү.
Сүйүнүчтөн көзгө жаш алган үй-бүлө эл өкүлүнө ак батасын берип, ыраазычылыгын билдиришти. Негизи эле Кулбараков Абтандил мырза, мындай жардамга муктаж адамдарга жардамын аябай, ондогон адамдарга дайым активдүү жардам көрсөтүп келет.  Бул жагынан башка депутаттар, байлар да үлгү алышса ашыкча болбос.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here