Убакыттын өтүшү менен Кытай эң күчтүү державага айланып бараткандыгы, соода тармагындагы туруктуу өнөгү Американы түйшөлтүү менен эки өлкө ортосунда согуш  отуу тутанып кетүү коркунучу бар экендиги канкуулана баштады деп жазат The National Interest басылмасы. Дональд Трампттын кеңешчиси Стивен Бэннон жергиликтүү радиостанциялардын бирине берген маегинде, жакынкы он жылда Кытай менен АКШнын ортосунда кагылыш болушу мүмкүндүгүн ырастаган. Макаланын авторлору өз кезегинде Трамптын админстрациясы Азияга болгон саясый басымын жүрүшүн өзгөртүшү керектигин белгилеген.

АКШнын кабыл алынган жаңы бюджетинде коргонууга жумшалчу чыгым 54 млрд. долларга жогорулагандыгы болжолдонууда. Аталган сумманын көп бөлүгү АКШнын Азиядагы аскердик базаларына бөлүнмөкчү.

Трамптын кеңешчилери Питер Наварро жана Александр Грей «Дүйнөгө күч аркылуу» аттуу саясый докладында АКШнын аскерий кораблдерин 350гө чейин көтөрүүнү сунуштаган.

Ал эми Американын дипломатиялык байланыш башчысы Рекс Тиллер Пекиндин жасалма аралдарга баруучу жолун бөгөп, Түштүк-Кытай деңизине блокада коюну сунуштап бакылдап чыккан. Эки державанын мындай кооптуу конфликтке жакындоосунун себебин, байкоочулар, Кытайдын ири державага айланып бараткандыгы менен түшүндүрушүүдө. Анткени, Кытайдын дңйнөгө кулачын кергени АКШнын асман айды чапчыган араандай амбициясын чектей баштайт эмеспи.
Бирок, экономикалык жактан бири-бирине коз каранды болгон ири державаларга согуш эч кандай пайда алып келбешин эки жак тен түшүнөт. Муну КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И да билдирген. Мындай шартта, кээ бир мамлекеттер экөөнүн ортосунда өз тандоосун жасоого да үлгүрүшкөн. Мисалга, Малайзия менен Филиппин Кытай менен иштешүү келишимин түзүүнү көздөшөт. Бул албетте, Вашингтонго жакпайт. Анткени, алар түштүк-чыгыш Азияга таасирин жоготуп алуудан кооптонот.

Ал эми, Кыргызстан өңдүү өз арбайын эптеген мамлекеттерге эки державанын ынтымагы гана керек эмеспи. Кантсе да, «эки дөө кагылышса, ортодо кара чымын олот» — деп кыргыздар бекер айтпаган да. Кудай сактасын деп туралы.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here