Белгилүү дин алымы Абдышүкүр Нарматов аз күн мурун Орусияга барып, ал жакта эмгектенип жүрүшкөн миңдеген мигранттар менен жолугушуп, аларга ыйман маселесинен кеп козгоп, шарыят жолунан кеп салып келди. Айтылуу алымдын  ата-эненин кадырын, сөз баркын жана Ислам дининде бешикте сүйлөгөн үч наристе тууралуу эң сонун баянды өтө чебер баяндап берди. Бир сөз менен айтканда, Абдышүкүр ажы алыста жүргөн мекендештерибиздин жүрөктөрүнө аздыр-көптүр ыйман салып, аларды бул жакта зарлап күткөн ата-эненин баркын дагы да тереңтип түшүндүрүптүр. Белгилүү аалымдын бул аракети текке кетпейт, өз дарегинен жетет деген ишеним менен, биз да ага чоң ыраазычылык билдирип, иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Төмөндө: Москвадан тартылган тасманы бирге көрөлү:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here