Чеченстанда акыркы жумада гейлерди массалык түрдө кармоо башталгандыгын «Новая газета» басылмасы ишенимдүү булактарга таянып жазып чыкты. Бул маалыматты өлкөнүн басма сөз катчысы Альви Каримов четке какканы менен аталган басылма бул маалыматтын чын экендигине ФСБ, ИИМ, Президенттин башкармалыгынан ишенимдүү булактары бар экендигин жазышкан. Гомосексуалист деп шектелип кармалган жүздөй эркектин арасынан үчөө өлтүрүлгөн жана алардын аттары да белгилүү болгон.
Бирок, «биздин булактар өлтүрүлөгөндөрдүн саны мындан да көп экендигин билдирүүдө» — деп жазат гезит. Кызыгы, кармалгандардын арасында мамлекет башчыга жакын деңгээлдеги дин ишмерлери, муфтияттын өкүлдөрү жана белгилүү эки теле журналист бар экен. Салттуу эмес ориентациядагы кармалгандарга каршы толкунун Чечен атайын кызматы «профилактикалык тазалоо» деп атап, бул иш Түндүк Кавказда уланары макалада айтылат. Ал эми гезиттин редакциясы бул маалымат боюнча, Тергөө комитетине, Башкы прокуратурага, Россиянын президенттик админстрациясына арыз жазып кылмыш ишин козгоону талап кыларын билдирген
.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here