Робот адамдын жүзүн тааный алат, өрт чыгууну кабарлайт жана жүргүнчүлөрдүн суроолоруна жооп бере алат. Мындай кыйын робот Кытайда иштей баштады. Жаӊы патруль кызматкери Чжэнчжоу шаарындагы темир жол вокзалында кызмат кыла баштады. Робот күтүү залындагы жагдайга көзөмөл салып турат. Анын бою адамдыкынан кичине кичирээк, буттарында дөӊгөлөктөрү бар жана башы айланып турат. Анын жардамы менен полиция кызматкерлери адамдардын беттерин тааный алышат. Эгер вокзалда өрт чыкса аны кабарлайт. Биринчи жума робот тесттен өтөт, эгер тесттен жакшы өтсө робот полиция кызматкери дайыма түнкүсүн вокзалда көзөмөл кылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here