“Респубилка – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев: “Мародерчулук болгонун баарыбыз билебиз. Бул факт. Эч ким муну болгон жок деп айта албайт. Мен бул иш акыр-аягына чыгыш керек деп ойлойм. Антпесе биринин мүлкүн бири басып алмай улана берет”, — деп айтып чыкты. Ырасында депутат мырза туурасын айтты. Ким каракчылык кылса, бирөөнүн мүлкүн тартып алган же тоноп кеткен болсо, ким болсун жооп бериши керек.
Булак: Фабула