Кыска аралыкка чуркоо жана бийиктикке секирүү боюнча дүйнөнүн рекорду Эйми Маллинз. Ал бутунун кичине сөөгү жок болуп, майып туулган. Дарыгерлердин айтымында өмүрү чектелүү болуп, коляскада отуруш керек эле. Бирок, андай болгон жок. Басууга такыр болбойт деген Эйми жасалма буттарды кийип таң каларлык деңгээлге жетти. Учурда Эйми 39 жашта, эң мыкты актриса, модель жана спортчу. 1996-жылы Атлант олимпиадасында 100 метрди 17 секундда басып өтүп, 3,14 метр узундукка секирген. 1999-жылы Александр Макуинанын көргөзмөсүнө катышып, планетадагы 50 эң сулуу моделдердин катарын толуктаган. Эйминин 12 түгөй жасалма буту бар. Мунун баарынын дизайны өзүнүкү экенин белгилейт. Аларды кадимки буттан айырмалоо өтө кыйын. Анткени, ал буттарда кан тамырлар, жада калса буттагы түктөрдөн бери жасалган. Мисалы, атайын чуркоо үчүн «Гепарда бут» деген коллекциясы элдин баарын таң калтырган.

Себеби жасалма бутка углеводдун кошулмасы аралашкан экен. Александр Макуиндин шоусуна айнектен бут кийип катышкан. Эйми 17 жашына чейин атайын мектепте өзүнчө окуган. Ошол эле учурда футбол жана теннис менен машыгып жүргөн. Мектепти аяктаган жылы тоо лыжасы боюнча чоң ийгиликти багынткан. Эйми үчүн жасалма буттары эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Көпчүлүк учурда мода көргөзмөлөрдөн, фото сессиялардан аны байкашкан эмес. Эйми Маллинз жасалма буттарды кийип, боюн ар кандай өзгөртүп келет. Учурдагы боюнун узундугу 175см.ден 183см.ге чейин.

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here