Казак бийлиги өлкөдөгү стабилдүүлүктү колдоо максатында кылмышкерлерге өлүм жазасын киргизүүнү көздөшүүдө. Назарбаев Кыргызстандагы абалдан чындап кооптонуп баштаганбы? Айтор, 27- марттагы Казакстандын Минюстунун сайтына жайгаштырылган ККнын толукталган мыйзам долбоору казактарды аста басып, абайлап сүйлөөгө чакыргандай болду. 4-апрелге чейин коомдук талкууга коюлуп, андан сон, мажилисте карала турган мыйзам долбоорундагы өзгөртүүлөр казак коомчулугун дүрбөлөңгө салууда. Анда,өлкө ичиндеги терракка, куралдуу кагылышууларга катышкандар, Эл башынын өмүрүнө коркунуч келтиргендер менен катар эле ар кандай коомчулуктун тынчын алган митинг, пикетке чыгып, бийликти басып алууга чакырык жасаган 14 жаштан өткөн жарандар катуу жазасын алары белгиленген. Жогорудагы кылмыш жасаган казакстандыктар эркиндиги менен үй мүлкүнөн гана айрылып тим болбостон, жарандыгынан ажырап,өлүм жазасына тартылат. Нуракенин аталган мыйзамы, эсил кайран Сталин доорундагы «Эл душмандарынын» санын көбөйткөн канга чулганган айтылуу 58-беренени эске салат да капырай…

 

 

 

 

Автор: Нурайым Рысмамбетова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here