Икрамжан Илмиянов Көк Бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул маалыматты  федерациянын аткаруучу директору Султан Бекташев тастыктады.

Федерациянын мурдагы президенти «Кыргызстан» фракциясынан депутат Канатбек Исаев мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткен. Көк Бөрү федерациясынын президенти 4 жылга шайланат.

Эл арасында Илмияновдун буга чейин да улуттук спорт болгон «Көк бөрүгө» жардам берип келгени айтылып жүрөт.

Президенттин мурдагы кеңешчиси Илмиянов, жакында эле КСДП фракциясынан депутаттыктан баш тарткан болчу.

булак: тезньюс.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here