Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Султангазиев кечээ пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымы боюнча бардык “фармбосстор”, бажычылар биригип алышып, Кыргызстанга кирип жаткан дары-дармектерди контрабандалык жол менен алып киришүүдө. Ырасында фармкомпаниялар эски советтик метод менен иш алып барып калды, алар тендерлерге өзүнүн фирмасын киргизип, тендер-теңбер дегендей, комиссияда олтургандардын капчыгын кампайтып, тиешелүү түрдө анын фирмасы тендерде жеңүүчү болуп калат. Азыркы күндө ар кандай “акылдуу” компаниялар пайда болуп, башка компаниялар менен атаандашууда ар кандай ыплас ыкмаларды колдонуп, керектүү адамдарды сатып алып, атаандаштарын тендерлерге катыштырбай коюшууда. Бардык компанияларга бирдей укук берилиши керек. Бүгүнкү күндө дүжүр эки-үч эле компания катышат. Тендерде жок дегенде 6-7 компания катышып, алардын берген баасы, сапаты боюнча жеңүүчүлөр тандалышы керек. Мисалы, контрабандалык жол менен дары-дармекти кантип алып кирип жатышат. Документте дарынын 100 партиясы көрсөтүлсө, чындыгында киргени 500 партия көлөмүндө. Ошондуктан электрондук базаны киргизсек мындай калпыстыктарга жол берилбей, баары ачык-айкын болмоктугун билдирди.

Булак: Фабула

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here